WSJ: ХАМАС Израил менен макулдашууга жетишпесе, Дохада баш калкалаган уюм лидерлери өлкөдөн чыгарылат

  • 2 месяца мурун

Египет менен Катар ХАМАС (Евробиримдикте жана АКШда террордук деп таанылган) Израил менен макулдашууга жетишпесе, радикал топтун Дохада баш калкалап жүргөн лидерлерин өлкөдөн чыгарарын айтып коркутту.

Газада тынчтык орнотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келаткан ортомчулардын мындай басымы Ак үйдүн көрсөтмөсү менен болуп жатканын The Wall Street Journal өз булактарына таянып жазды. Алардын маалыматы боюнча, ХАМАСтын лидерлери өлкөдөн гана чыгарылып тим болбостон камакка алынып, санкцияларга кабылышы мүмкүн.

Басылма жазгандай, ХАМАСтын лидерлери тескерисинче, алардын шартына туура келмейинче макулдашууга барбай турганын билдиришти.

Палестиндердин өкүлү Исмаил Хания өткөн аптада АКШ президенти Жо Байден жарыялаган сунуштар Газада «согушту аяктоого кепилдик бербегендиктен» ХАМАС аны кабыл ала албастыгын айткан.

Вашингтон ХАМАСка берилген сунуштарга расмий жооп ала электигин ырастады.

Байдендин демилгеси алгач алты аптага ок атууну токтотуп, барымтадагыларды толук бошотуп, Газанын бардык жеринен израил аскерлерин чыгарып кетүүнү жана палестиндердин үй-жайына кайтып келип, тилкени калыбына келтирүүсүн камтыйт.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ок атууну 42 күнгө токтотуп, андан кийин ХАМАС тобунун калган мүчөлөрүн жок кылуу операциясы улантыларын билдирген.

8-июня ЦАХАЛ Газа тилкесинин борборундагы Нусейрат шаарында атайын операция жүргүзүп, төрт кишини барымтадан бошотконун билдирди.

Былтыр 7-октябрда радикал топ Израилге кол салганда 1200 киши каза таап, 250дөн ашуун киши барымтага алынган. Бүгүнкү күндө ХАМАСтын колунда дагы 100дөй киши калууда.

Газа тилкесинин ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо министрлиги былтыр октябрдан бери палестин тараптан 36 миңден ашык киши өлгөнүн билдирүүдө.

Бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты