«WhatsApp аркылуу жөнөтүлгөн видео телефонуңузду бузушу мүмкүн» деген маалымат фейк

Учурда WhatsApp мессенджеринде телефонду буза турган видео пайда болгондугу тууралуу маалымат активдүү тарап жатат.

"WhatsApp аркылуу жөнөтүлгөн видео телефонуңузду бузушу мүмкүн" деген маалымат фейк

Анда WhatsApp аркылуу келген “MARTINELLI” атуу видеону көргөндө колдонуучулардын телефону бузулуп калары айтылат.

ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Аталган билдирүү биринчи жолу Испанияда 2017-жылы июль айында пайда болгон. Андан кийин Испаниянын Улуттук полициясы MARTINELLI деп аталган вирустук видео жок экенин, маалымат жалган экенин билдирген. 

"WhatsApp аркылуу жөнөтүлгөн видео телефонуңузду бузушу мүмкүн" деген маалымат фейк

Белгилей кетсек, эскертүү алгач англис жана немис тилдеринде таратылган.

"WhatsApp аркылуу жөнөтүлгөн видео телефонуңузду бузушу мүмкүн" деген маалымат фейк

Бул каттын фейк экенин далилдөөчү дагы бир нерсе анын сабатсыз жазылышында. Snopes фактчекинг басылмасы жазгандай, текст автоматтык котормого салынып которулгандыктан грамматикалык каталары өтө көп. Бул дагы болсо эскертүүнүн аныктыгына шек туудурбай койбойт. Ал эми экинчи жана маанилүү далил: видео материалдар телефонго вирус алып келери мүмкүн эмес. Ишенимсиз шилтемелерге киргенде же белгисиз файлдарды (өзгөчө .exe форматында) жүктөп алганда, вирустарга кабылуу мүмкүн.

Ошондой эле билдирүүнүн экинчи абзацында айтылган DANCE OF THE POP (Рим папанынын бийи) вирустук видеосу да ойдон чыгарылган. Бул видео тууралуу биринчи кептер 2015-жылдары айтылып башталган. Бирок, ошондон бери эле мындай вирустук видео жок экени айтылып келет.

Себеби, DANCE OF THE POP деп айтылып жаткан вирустук видео тууралуу эч бир маалымат каражаттары жазып чыккан эмес. Ошондой эле эч бир антивирустук компания бул жөнүндө билдирүү айтып чыккан эмес. Анан дагы бир дагы колдоонуучу вирусту аппаратына жуктуруп алган эмес. Эгер вирус чын болсо, көптөгөн колдонуучулар аталган видеого туш болушмак жана эскертүүлөргө карабастан, аны байкабай ачып алышмак.

Белгилей кетсек, социалдык тармактар аркылуу “вирус жугуп калуу” коркунучу тууралуу видеолор байма-бай чыгып келет. 

Жыйынтык: WhatsApp мессенджеринде сөз болуп жаткан вирус алып келчү MARTINELLI жана DANCE OF THE POP  видеолору ойдон чыгарылган. Андай вирустук видеолор жок. Маалымат фейк.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты