Washington Hilton мейманканасында Трамп катышкан кечки тамак учурунда ок атылды
- 3 недели мурун
- Баяндар
Вашингтондогу Hilton мейманканасында 25-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп катышкан кечки тамак учурунда ок атылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар, анын ичинде NBC NEWS жазды.
Президент Дональд Трамп жабыркаган эместиги айтылды. Жашыруун кызматтын бир кызматкери жаракат алган. Ок чыгарган киши кармалды, анын аты-жөнү расмий айтыла элек, журналисттер ал 31 жаштагы Коул Томас Аллен экенин жазды.
Журналисттер катышкан Вашингтондогу кечки тамакты Ак үйдүн журналисттер ассоциациясы уюштурган. Бул иш-чарага Дональд Трамп мындан мурдагы жылдары чакырууларга келген эмес, быйыл биринчи жолу катышкан.
25-апрелде Вашингтон убактысы боюнча саат 20:36да Жашыруун кызматтын көзөмөл-өткөрүү пунктунун холлуна куралчан киши кирип келген. Ал укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен атыша баштаган. Укук коргоо кызматкерлери аны жерге жыгып, колуна кишен кийгизген. Анын тапанчасы жана бир нече бычагы болгондугу айтылат. Куралчан кишинин кол салуусунан Жашыруун кызматтын бир кызматкери, (бронежилет кийип жүргөн) жаракат алган. Ал ооруканага жатып чыккан.
Атышуу болуп жаткан учурда президент Трамп, администрация өкүлдөрү жана журналисттер конференц-залда болгон. Жашыруун кызматтын кызматкерлери Дональд Трамп менен анын жубайын алып чыгып кетишкен. Калган коноктор столдун алдына жашынышкан. Андан кийин куралчан агенттер кирген.
Журналисттер отурган залга атышуу үнү угулган эместиги айтылды. Мамлекеттик катчы Марко Рубио башка столдо отурган жубайына кабатырланып, андан кийин Трампты карап тынчсызданганы сезилгенин айтышат, бирок журналисттер эмне болуп жатканын билген эмес.
Дональд Трамп Truth социалдык тармагына бул “адаттан тышкары кече болгонун жазып, мейманкананын камерасындагы видеосун бөлүшкөн. Ал видео тасмада коридордо коопсуздук кызматынын бир нече кызматкери турганын, ал арада бир киши чуркап кирип кеткенин, анын артынан 7-8 киши кууп баратканы көрүнөт
«Вашингтондогу адаттан тыш кече. Жашыруун кызмат жана укук коргоо органдары укмуш иштегенин көрсөттү. Алар тез жана эр жүрөктүүүлүк менен аракеттеништи. Аткан киши кармалды. Мен “Биздин шоу кечени улантууну сунуштадым, бирок укук коргоо органдарынын айткандарын аткардым» деп жазды президент Дональд Трамп социалдык тармагына.
Ок атуудан кийин дароо эле өткөн пресс-конференцияда Дональд Трамп укук коргоо органдарынын ошол кечтеги аракетин мактады. Кечени улантууга укук коргоо органдарынын кызматкерлери уруксат бербегенин билдирди. Ошондой эле ошол күнкү ок атууда жаракат алган офицер менен сүйлөшкөнүн жана анын абалы жакшы экенин кошумчалады.
Сүрөт: Alex Brandon / AP / Scanpix / LETA




