Владимир Зеленский Адольф Гитлер сыяктуу “Менин күрөшүм” деген китеп жазган эмес. Фактчекинг

3-ноябрь күнү Шамурза Борукулов аттуу Фейсбук колдонуучусу Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин фашисттик Германиянын лидери Адольф Гитлер сыяктуу “Моя Боротьба” (“Менин күрөшүм”) аттуу китеби жарык көргөнүн жазып чыккан.

Владимир Зеленский Адольф Гитлер сыяктуу “Менин күрөшүм” деген китеп жазган эмес. Фактчекинг

Фейсбук колдонуучусу китепте Владимир Зеленский «Деңизди көргүм келип жатат, Крымга барам» деп жазганын айтып, аны “фашист” катары мүнөзгөн. 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Адольф Гитлердин китеби

Адольф Гитлердин “Майн Кампф” (“Менин Күрөшүм”) аттуу китеби – жарымы өмүр баян жана жарымы саясий трактат түрүндө жазылган. Китепте нацизмдин негизги билдирүүлөрү, каардуу антисемитизмди, расисттик көз карашты жана басып алууга багытталган агрессивдүү тышкы саясатты пропагандалаган көз караштар айтылат.

Владимир Зеленский Адольф Гитлер сыяктуу “Менин күрөшүм” деген китеп жазган эмес. Фактчекинг

Биографтардын билдирүүсүнө ылайык, Гитлер “Менин күрөшүм” аттуу китебин 1924-жылы Ландсберг түрмөсүндө жазып баштаган.  Ага чейин, 1923-жылы “Германия Республикасынын өкмөтүн кулатууга аракет кылган” деген айып менен жазасын өтөп жаткан эле.

Китеп жазылып бүткөндөн кийин дароо эле бестселлерге айланган эмес. Кийинчерээк гана, Германияда нацисттик партия эң чоң парламенттик күчкө айлана баштаганда “Майн Кампфтын” сатуусу пропорционалдуу түрдө өскөн. Гитлер 1933-жылдын 30-январында Германиянын канцлери болуп дайындалгандан кийин китебинин популярдуулугу кескин өсүп, 1944-жылдын акырына карата 12 миллиондон ашык нуска басылган. 

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Гитлердин китеби пропогандалык жана фашисттик материал катары каралып, сатууга жана жайылтууга жол берилген эмес. Кийинчерээк бул абал өзгөрүп,  “Майн Кампф”  китеби 2005-жылы Түркияда жана 2017-жылы Германияда бестселлерге айланган. 

Владимир Зеленскийдин “Моя Боротьба” аттуу китеби жок 

Владимир Зеленскийдин Адольф Гитлер сыяктуу “Моя Боротьба” (“Менин күрөшүм”) китеби жарык көргөнү бир катар орусиялык пропогандалык каналдарда жарык көргөн

Бирок FotoForensics сайтынан сүрөттү анализдеп көргөндө, китептеги “Владимир Зеленский” жана “МОЯ БОРОТЬБА”  деген жазуулар сүрөттөгү башка объектилерге караганда жарыгыраак болуп чыккан. Бул, ушул жазуулардын баштапкы сүрөткө сырттан кошулганын билдирет. 

Владимир Зеленский Адольф Гитлер сыяктуу “Менин күрөшүм” деген китеп жазган эмес. Фактчекинг

Мындан сырткары, “Моя Боротьба” аттуу китептин жарык көргөнү тууралуу президенттин басма сөз кызматында жана Владимир Зеленскийдин социалдык тармактарында да билдирүүлөр чыккан эмес. 

Орусия Украинанын аймагына басып киргенден кийин, Владимир Зеленский жөнүндө бир нече китептер жарык көргөн. Ал эми Владимир Зеленскийдин китеби басууга гана даярдалууда.

Белгилүү болгондой, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин «Украинадан кабар» аттуу китеби Penguin Random House тарабынан 24-ноябрда жарыкка чыгат. Китепте Украина президентинин 2019-жылдан бүгүнкү күнгө чейин сүйлөгөн сөздөрү бириктирилет.  Анын айтымында, китеп окурмандарга украиндер ким экенин жана аларды эмне алдыга сүрөп жатканын көрүп, түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Владимир Зеленский Адольф Гитлер сыяктуу “Менин күрөшүм” деген китеп жазган эмес. Фактчекинг

Белгилей кетсек, Россия Украинага кол салгандан бери эки өлкөнүн социалдык тармактарынын колдонуучулары кээ бир учурда манипулятивдүү маалыматтарды жарыялап келишет. 

Жыйынтык: “Украинанын президенти Владимир Зеленский Адольф Гитлер сыяктуу “Менин күрөшүм” аттуу китеп жазды” деген маалымат чындыкка дал келбейт. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты