“Владимир Зеленский абактагы аскер кызматын өтөгөн жарандарды чыгаруу чечимин кабыл алды” Media-Center сайтынын манипуляциясы (Фактчекинг)

28-февраль күнү Media-Center сайтында “Зеленский аскердик кызмат өтөгөн абактагы жарандарды чыгаруу чечимин кабыл алды” деген маалымат жарыяланган. Анда кыскача мааалымат жазылып, “Зеленский бул чечимди кабыл алуу оор болгонун билдирди”,- деп айтылган. 

“Владимир Зеленский абактагы аскер кызматын өтөгөн  жарандарды чыгаруу чечимин кабыл алды” Media-Center сайтынын манипуляциясы (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Аскерге барган ар бир украин эмес, чыныгы согуштук тажрыйбалары барлар гана бошотулат 

Чыныгы согуштук тажрыйбасы бар украиндер камактан бошотулуп, согуштун эң кооптуу жерлеринде күнөөлөрүнөн тазалануу мүмкүнчүлүгүн алышат.

Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский  28-февраль күнү жасаган видео кайрылуусунда билдирген.

Ал баскынчыларга каршы күрөшкө кошула алган ар бир адам маанилүү экенин баса белгилеген.

“Бул моралдык жактан оңой чечим болгон жок. Бирок биздин мамлекетти коргоо багытында пайдалуу чечим кабыл алынды. Жүрүп жаткан согуштун алкагында чыныгы согуштук тажрыйбасы бар украиндер камактан бошотулат. Алар “эң ысык чекиттерде” мамлекетти коргоого салым кошуу менен өз күнөөлөрүнөн тазаланууна мүмкүнчүлүк алышат. Айрым АТОнун катышуучуларынан бардык санкциялар алынып салынды”, — деп билдирген Зеленский.

Башкача айтканда, ар бир аскерге барган Украинанын жараны эмес, “чыныгы согуштук тажрыйбасы бар” адамдарды гана бошотуу чечими кабыл алынганы айтылган. 

Украин армиясынын аскерлери 

Буга чейин Украинанын армиясы Global Firepower индексинин 2022-жылга карата рейтинги боюнча 140 өлкөнүн ичинен 22-орунга чыккан. Дал ушул рейтингде Россия АКШдан кийинки экинчи орунда турат.  

Белгилей кетсек, Россия 24-февралга караган түнү Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялаган.  Россиянын президенти Владимир Путиндин айтымында, операциянын максаты “8 жылдан бери геноцидге кабылган адамдарды коргоо” болуп саналат. Путин украиналык аскерлерден куралдарын таштоону талап кылып, Россия жана  Украинанын чек арасын “демилитаризация жана денацификациялоого умтулат” деп билдирген. Ал эми Украина Россиянын аракетин “басып алуу” жана бир топ мыйзамга каршы келген аракет катары баалады.  Андан бери Украинанын бир катар аймактарында украин армиясы менен орус күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу жүрүп жатат.  

Өлкөдөгү согуштук аракеттерге байланыштуу Украинадагы бардык аскерлер тартылып, 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. 

Мындан сырткары, Украинанын президенти Владимир Зеленский 2021-жылдын жазында запастагы жоокерлерди атайын мөөнөттө мобилизация жарыялабастан, аскердик кызматка чакырууга уруксат берген мыйзамга кол койгон. Мындай чечим аскердик агрессия күчөгөн учурда аскер бөлүктөрүн толуктоого жана мамлекеттин күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Аталган мыйзамга ылайык, “резервдеги” жоокерлер төрткө бөлүнөт. 

1.Биринчи этаптагы (OР-1) ыкчам запаска алынган жоокерлер. Алар,  өз демилгеси боюнча аскердик запаста кызмат өтөөгө келишим түзгөн же мурдагы аскер кызматкерлери болуп саналат.  Мындай аскер кызматкерлери, өзгөчө согуштук тажрыйбасы бар адамдар болуп саналат. 

2.Ошондой эле, 2014-жылга чейин аскердик кызматты өтөгөн же контракттык негизде кызмат өтөгөн улгайган аскер кызматчыларын камтыган экинчи этаптагы Ыкчам резерв (ОР-2) бар. ОР-2 аймактык резервине аскер бөлүктөрүн жана аймактык коргонуу бөлүктөрүн толуктай турган запастагылар жана аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү адамдар кирет. 

3.Үчүнчү “Мобилизациялык резервге” жогорку окуу жайлардын аскердик кафедраларында запастагы офицер катары окуган жана мурдагы мобилизациялык кампанияларда кызматка чакырылбаган Украинанын аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү жарандары кирет. 

4.Төртүнчү “коомдук резерв”. Булар мамлекеттин коопсуздугун жана коргонуусун камсыздоого өз ыктыяры менен катышкандар. Бул запаска аскердик кызмат өтөө үчүн жаш курагы жана физикалык чектөөлөрү жок, атайын мөөнөттө куралдуу күчтөргө жана башка аскердик түзүлүштөргө чакырууга мүмкүн болгон жарандар кирет.  Global Firepower эл аралык институтунун маалыматына ылайык, Украина резервисттердин саны боюнча дүйнөдөгү алдыңкы армиялардын бири болуп саналат.  2021-жылга карата Украинада 900 миң резервист болгон. 

Башкача айтканда, Владимир Зеленскийдин “өзгөчө согуштук тажрыйбасы бар” адамдарды резервге чакыруусу мурда кол койгон мыйзамына жараша жүргүзүлүп жатат. 

Медиасын:   Media-Center сайты маалыматты тактабай туруп берген

 Media-Center сайты Владимир Зеленскийдин “өзгөчө согуштук тажрыйбасы бар абактагы жарандар” деген сөзүн “аскер кызматын өтөгөн украиналыктар” деп бурмалап берген. Мындан сырткары, кабарга шилтеме берилбей, кыска гана маалыматтар жазылган. Кабардын өзүндө жакшы изилдөө жасалбай, мазмуну так берилген эмес. 

Бул Кыргыз Республикасынын журналисттеринин укуктук жана этикалык кодекстерине туура келбейт. Анткени журналисттин  фактырларды бурмалоого акысы жок. 

Жыйынтык: Украинанын бийлиги абактагы бардык аскердик кызмат өтөгөн адамдарды эмес, өзгөчө согуштук тажрыйбасы бар жарандарды коргонууга көмөк көрсөтүүгө чакырган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты