“Владимир Путинден жардам сурайбыз!” деген Харьковдуктардын видеосу 2014-жылы чыккан (Фактчекинг)

Акыркы убакта социалдык тармактарда “Харьковдун жашоочуларынын Россияга жана Владимир Путинге кайрылуусу” деген видео тарап жатат. 

Видеодо “Биз Харьков облусунун тургундары, Россиядан жана Владимир Путинден биздин кызыкчылыктарыбызды, мүлкүбүздү жана коопсуздугубузду сактоосун суранабыз. Биз Киевдеги бийликти тааныбайбыз жана Украинадагы улутчул организацияларды тыюусун өтүнөбүз. Биз Харковьдогу бийликти өз колубузга алабыз жана сизден аны сактоого жардам берүүңүздү күтөбүз”,- деп билдиришкен.

 Чогулгандардын “Путин, Россия!!!” деп кыйкыргандарын да угууга болот. 

“Владимир Путинден жардам сурайбыз!” деген Харьковдуктардын видеосу 2014-жылы чыккан (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Видео 2014-жылы чыккан 

Харьковдун жашоочуларынын Владимир Путинге болгон кайрылуусу 2014-жылы 16-мартта чыккан. 

“Владимир Путинден жардам сурайбыз!” деген Харьковдуктардын видеосу 2014-жылы чыккан (Фактчекинг)

Бул учур Украинанын тарыхындагы бурулуш учурлардын бири болгон. Анткени, 2013-жылдын 21-ноябрында Николай Азаров баштаган Өкмөт Украина Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол койбой турганын жарыялагандан кийин, Киевде алгачкы нааразылык акциялары башталган. 

Ошол эле күнү кечинде журналисттер, коомдук активисттер жана оппозициялык саясатчылар чыгып, бийлик менен элдин ортосунда кандуу кагылышуу башталган. Бул “Евромайдан” деген аталыш менен тарыхта калып, ошол учурдагы Украинанын президенти Виктор Януковичтин өлкөдөн чыгып кетиши менен аяктаган. Януковичтен кийин, бийликке президенттин милдетин аткаруучу болуп Александр Турчинов дайындалган

Өлкөдөгү башаламандык жана экономикалык каатчылык учурунда Украинанын бир бөлүгү, Донбасс, Луганск, Харьков аймактарынын жашоочулары көтөрүлүшкө чыгышкан. Алар Украинадагы жаңы бийликке каршы болуп, Жогорку Раданын саясатын колдошкон эмес. 

2014-жылдын 6-апрелинде Украинанын Донецк, Луганск жана Харьков облустарында тургундар бир нече административдик имараттарды басып алышкан. Анткени дал ушул аймактарда Россияга тарткан жикчилдер жана орус тилдүү Украиналыктар болушкан. 

“Владимир Путинден жардам сурайбыз!” деген Харьковдуктардын видеосу 2014-жылы чыккан (Фактчекинг)
“Владимир Путинден жардам сурайбыз!” деген Харьковдуктардын видеосу 2014-жылы чыккан (Фактчекинг)

Андан кийин, 2014-жылдын 27-апрелинде Луганск шаарында өткөн митингде Луганск Эл Республикасы (ЛЭР) жарыяланып, өз тагдырын өзү аныктоо боюнча референдум өткөрүү чечими кабыл алынган.

2014-жылдын 11-майында Донецк жана Луганск облустарында референдум өтүп, анда 89,7% Донецк облусунда, 96,2% Луганск облусунда аймактарды өз алдынча аныктоого «макул» деп добуш берген. 2014-жылдын 12-майында Донецк жана Луганск Элдик Республикаларынын мамлекеттик суверенитети жарыяланган. Ошондон бери бул аймактарда бийлик менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда тирешүү болуп келет. Ал эми Луганск жана Донецк Элдик Республикаларын дүйнөлүк дээрлик бардык мамлекеттери тааныган эмес. Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин 22-февраль күнү Луганск жана Донбасс элдик Республикаларын тааныды.

Бирок, Харьковдун тургундары, Луганск жана Донецк сыяктуу “Харьков Элдик Республикасын” түзө алышкан эмес. Украин бийлигинин аракети менен Харьков шаарында баш аламандыкка себеп болгон 63 киши кармалган. 

Көлөмүнүн чоңдугу боюнча Харьков Украинадагы экинчи шаар болуп саналат. 24-февраль күнү Россиянын аймагына кирген орус аскерлери 27-февраль күнү Харьковго киргени маалым болгон. 

Украиналык басылмалардын маалыматына ылайык, азыркы учурда Харьков шаарында тирешүү уланууда. Бирок, жаракат алгандар жана каза болгондор тууралуу так маалымат жок. 

Белгилей кетсек 2014-жылы Россия Крым жана Севастополь аймактарын кошуп алган. 

Жыйынтык: “Харьков шаарынын тургундары Россиядан жардам сурады” деген видео 2014-жылы тартылган. Бул видео азыркы учурду чагылдырбайт. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты