«Вилла В» ресторанынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
- 2 года мурун
«Вилла В» ресторанынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Вилла В» ресторанынан чыккан өрт саат 15:40та толук өчүрүлдү. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында жайгашкан «Вилла В» тамактануучу жайынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн саат 11:10дон тарта жалпы 3 күжүрмөн эсеп, саат 11:18де Штаб, 11:23тө Биринчи май райондук АКӨБдан суу ташуучу унаа, 11:45те Крисизтик кырдаалдарда башкаруу борборунан атайын унаа менен ыкчам топ тартылган.
Маалыматка ылайык өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Муну бөлүшүү