Вице-мэр Орунтаев Иса Өмүркуловго таандык делген мыйзамсыз курулушту буздурду
- 12 месяцев мурун
Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда.
Байтик Баатыр көчөсүнүн №65 дарегиндеги мыйзамсыз курулуш бузулуп баштаганда, ал жерге Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркулов келген. Ал ишти көзөмөлдөп турган вице-мэр Нурдан Орунтаевден бузуу иштерин токтотууну суранганы белгилүү болду. Бирок Орунтаев макул болбой, объектти алып салуу иштери уланган.
Белгилей кетсек, Иса Өмүркулов 2011-2013-жылдары Бишкектин мэри болгон. Аталган даректеги мыйзамсыз курулуш Өмүркуловго таандык экени айтылууда.
Буга чейин Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.
Муну бөлүшүү