Вице-мэр Орунтаев «Батуми» кафесинин бузулушуна байланыштуу зыяндын ордун толтуруп бермей болду

  • 11 месяцев мурун

Бишкектин «Жал» кичирайонундагы «Батуми» кафесинин буздурулушуна байланыштуу вице-мэр Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин «Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү» жана «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Орунтаев кафенин конструкциясын бузуп, мүлкүн алып салуунун ордуна ээсинин мүлкүн түз жок кылуу жолу менен демонтаждоону уюштурган. Имаратты бузуунун натыйжасында үч миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

«Тергөөнүн жүрүшүндө Н.Орунтаев жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурууну өзүнө алды«, — деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Ошондой эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев вице-мэр Нурдан Орунтаевге мындан ары кызмат адамы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузган мыйзамсыз аракеттерге жол берилбестигин белгилени айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты