Венера Жуматаева: «Азыркы заманда маалымат каражаттарын жаап салуу техникалык жактан мүмкүн эмес»

  • 1 год мурун
Венера Жуматаева: «Азыркы заманда маалымат каражаттарын жаап салуу техникалык жактан мүмкүн эмес»

Бүгүн, 7-февралда “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзамы: учурдагы абал жана практикада” аттуу тегерек стол өтүп жатат.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева сөз сүйлөп, азыркы заманда маалымат каражаттарын жаап салуу техникалык жактан мүмкүн эместигин айтты.

«12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына «Азаттыкты» жабуу боюнча айрым депутаттар кол топтоп жатканын жазып чыккан. 13-октябрда «Азаттыктын» кеңсесинин алдында өздөрүн активист деп атаган 30-40тай кыз-жигиттер келишип, «Азаттык» жабылсын, талкалайбыз, өрттөйбүз» деген коркутууларды айтышты. Биз анын баарын видеого тартып алдык. Ички иштер министрлигине барып арыздандык, бирок ушул күнгө чейин эч кандай иш козголгон жок. «Азаттыктын» сайты 26-октябрда Кыргызстандын аймагында жабылып калды. 30-октябрда банктагы эсебибиз жабылды. Жергиликтүү, эл аралык уюмдардын колдоосун, тилектештигин көрүп жатабыз. Ошолорго ыраазыбыз. Мурда кандай иштесек азыр деле ошондой иштеп жатканыбызга эл таң калып жатат. Азыркы заманда маалымат каражатын жаап салуу мүмкүн эмес. Биз кайсы жерден болсо деле иштей беребиз. 21 бюробуз бар, ошол жерге барып журналисттер иштеп, жашап, салык төлөйт. Бирок биз Кыргызстан жөнүндө жаза беребиз. Дүйнөгө кыргыз тилиндеги маалыматтарды тарата беребиз. Бул реалдуулук биз үчүн биринчи жолу болуп жаткан жок. Ар кандай бийликтин тушунда басым-кысымдар болуп келген. Далай окуялар башыбыздан өткөн. Азыркы заманда маалымат каражатын жаап салуу техникалык жактан мүмкүн эмес», — деди Венера Жуматаева.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты