“Вефа” соода борборунда өрт чыгып, 150дөй киши эвакуацияланды

  • 1 день мурун

Бүгүн, 20-ноябрда, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда, Байтик Баатыр көчөсүнүндөгү «VEFA Center» соода борборунун 3-кабатында жайгашкан «Oz Huzur Sukuret» кафесинен өрт чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.  

Өрттү өчүрүүгө саат 10:17де Октябрь районунан бир бөлүм, автошаты жана штаб тартылды.

Кафенин аба сордургучунан чыккан өрт саат 10:46да чектөөгө алынып, саат 10:52де толук өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 15 чарчы метр. Соода борбордон 150дөй адам эвакуацияланган. Жабыркагандар жок.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты