“Вакцина алган футболчулар арасында жүрөк оорусунан каза болгондордун саны 300%га өстү” деген маалымат чындыкка дал келбейт

17-январь күнү “UNCUT-NEWS” сайтында “2021-жылы профессионал футболчулардын арасында жүрөк оорусунан каза болгондордун саны 300%га өстү”, — деген маалымат жарыяланган. Анда, каза болгон футболчулар коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнү айтылып, алар вакцинациядан улам инфаркт болгону белгиленген. 

“Вакцина алган футболчулар арасында жүрөк оорусунан каза болгондордун саны 300%га өстү” деген маалымат чындыкка дал келбейт

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Инфаркт футболчулар арасында кеңири тараган оору 

“UNCUT-NEWS” сайтындагы маалыматка ылайык, 2021-жылы 36 футболчу вакцинациядан кийин, жүрөк оорусуна кабылып каза болгон. Бул сан 2020-жылы 2 адамды түзсө, бир жылдан кийин көбөйгөнү таң калыштуу деп билдиришкен. 

Бирок, бардык футболчулар коронавируска каршы вакцина алгандан кийин оюн учурунда каза болду деген маалымат далилденген эмес. Мисалы, 24 жаштагы  Бразилиялык футболчу Алекс Аполинарионун каза болгону тууралуу ачык маалыматтарда “ оюндун 27-минутасында футбол учурунда жүрөгү кармап каза болду” деп гана айтылат. Анын качан вакцина алганы тууралуу маалымат жазылган эмес. 

Ал эми, “BMJ” журналынын изилдөөсүнө ылайык, 2014-жылдан 2018-жылга чейин дүйнөлүк “ФИФА” спорттук клубунан 174 профессионал футболчу жүрөк оорусунан каза болгону изилденген. 

“Вакцина алган футболчулар арасында жүрөк оорусунан каза болгондордун саны 300%га өстү” деген маалымат чындыкка дал келбейт

Башкача айтканда футболчулар арасында жүрөк оорусунан каза болгондор көп кездешет. 

Анын себебин, жүрөгүндө патологиясы болгон футболчуларда, оюн учурунда абдан жогорку чыңалуу болгондуктан жүрөк туруштук бере албай калышы мүмкүн деп эсептешет. 

Ал эми, Пенсильвания университетинин биостатистика боюнча директору, профессор Джеффри Моррис “Reuters” агенттигине берген маегинде футболчулардын каза болушу менен вакцинанын байланышы далилдене элек экендигин билдирген:

“Азыркы учурда эмдөө менен жүрөктүн токтоп калышын далилдеген изилдөөлөр жок. Ошентсе да, бул нерсени гипотеза катары карап, вакцинанын жүрөккө болгон таасирин карап чыкса болот.”,-деп айткан. 

Башкача айтканда, профессионал футболчулардын эмдөөдөн кийин каза болуп жатканы тууралуу маалымат далилдегенген эмес. 

Коронавирустун жүрөккө болгон таасири

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, жүрөк-кан тамыр оорулары дүйнөдөгү 16% өлүмдүн себеби болуп саналат.

Ал эми, Jama Network изилдөө институтунун маалыматына ылайык, COVID-19 менен ооруканага жаткырылгандардын төрттөн биринде жүрөк-кан тамыр оорулары диагнозу коюлган. Ошондой эле, ал COVID-19 менен байланышкан өлүмдөрдүн орто эсеп менен 40% ын түзгөн деп болжолдонгон. Аталган изилдөө, 2020-жылы жүргүзүлүп 100 дөн ашуун адамды камтыган.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, окумуштуулар 60% коронавирус менен ооруп айыккан адамда жүрөктүн сезгенишин байкашкан.

Белгилей кетсек, бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги да маалымат тараткан. Анда, коронавирус илдети көбүнчө жашы улгайган адамдарда, сейрек учурда жаш адамдарда жүрөк оорусун пайда кылышы мүмкүн экени айтылат.

Ал эми азыркы учурда вакцинанын жүрөккө болгон таасири тууралуу так изилдөөлөр жок. 

Жыйынтык: “Вакцина алган футболчулар арасында жүрөк оорусунан каза болгондордун саны 300%га өстү” деген маалымат манипуляция. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты