“Вагнердин” башчысы Пригожин Москвага бара турганын билдирди

  • 1 год мурун

“Вагнер” жеке аскердик тобунунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин Москвага бара турганын билдирди. Бул тууралуу анын телеграм-каналдарына жарыяланды.

Видеодон Пригожин коргоо министринин орун басары Юнус-Бек Евкуров жана генерал Владимир Алексеев менен сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот.

Евгений Пригожин түнкү саат 1:00гө жакын анын колоннасы Ростов-на-Дону аймагына киргенин билдирген. Пригожиндин айтымында, чек арачылар жана аскерде кызмат өтөгөндөр ага тоскоол болгон эмес.

Орусиянын Федералдык Коопсуздук комитети тарабынан Евгений Пригожинге кылмыш ишин козголду. Ага “аскердик төңкөрүшкө чакырык” фактысы боюнча кылмыш ишин козголду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты