Уурулук кылган трансулуттук кылмыштуу топтун аракетине бөгөт коюлду

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө жана тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун аймагында жасалган бир катар уурулуктун бети ачылды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматта айтылгандай, Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургундары арыз менен кайрылып, 2024-жылдын 18-сентябрынан 25-сентябрына чейинки убакытта белгисиз адамдар “экинчи каньон” деген жердеги туристтердин автоунааларынан акча каражаттарын уурдаганы аныкталган. 

Уурулуктун үч фактысы боюнча, биринчи жабырлануучуга 124 миң сом, экинчи жабырлануучуга 145 800 сом жана үчүнчү жабырлануучуга 300 миң сом материалдык зыян келтирилген. 

Үч уурулук фактысы боюнча Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иштери козголгон. 

Бул уурулук фактыларын бети ачуу максатында ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзө баштаган. 

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, Балыкчы шаарынын аймагында кылмыштуу топ уурулук кылып жатканы байкалган. Бир нече убакыт өтүп, ыкчам кызматкерлер уурулукка шектүү кылмыштуу топтун изине түшүп, атайын операция учурунда колго түшүрүлдү.

Кармалган шектүүлөр, буга чейин өз мекенинде бир нече жолу соттолгон коңшу өлкөнүн жарандары, топ экени аныкталды. 

Шектүүлөрдөн — 2 рация, 5 мобилдик телефон, дүрбү, ар кандай автомашиналардын 5 ачкычы (пульт), кол кап, кулпу ачуу үчүн шаймандар, чет өлкөлүк акча каражаттары алынган.

Кармалгандар — 1985-жылы туулган Дж.А., 1975-жылы туулган  У.О., 1964-жылы туулган Г.А., 1978-жылы туулган Х.Г. аттуу жарандар шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 
Учурда бул кылмыш иштери боюнча тергөө иштери улантылып жаткандыгы белгиленди.

 Сүрөт: mvd.gov.kg



Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты