“Уулумдан алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылгам”. Юристтин кеңеши

Эгерде сиз акысыз юридикалык жардамга муктаж болуп атсаңыз, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунa кайрылсаңыз болот. Сизге акысыз юридикалык кеңеш алуу, мамлекеттин эсебинен адвокат жалдоо боюнча толук маалымат берилет.

Бишкек шаарынын тургуну Рафаиль Абраимов  62 жашта. Ал онкологиялык оор дартка чалдыккан. Дарылануу үчүн колундагы баалуу буюмдарын, кыймылдуу мүлктөрүнүн баарын саткан. Натыйжада азыркы тапта дайыма алып туруучу дарыларга туруктуу каражаты жоктугун айтат. Мындан улам, Рафаиль Абраимов өзүнүн уулунан “жумушка жарамсыз ата-энеге алимент өндүрүү” үчүн сотко кайрылууну чечкен.

“Мен мамлекеттик жумушта аз эле иштеп, жеке ишкерлик менен алектенгеним үчүн пенсиям 1600 эле сом. Азыркы тапта оорулуу болуп, ишке жарамсызмын. Мындан улам уулумдан “жумушка жарамсыз ата-энеге алимент өндүрүү” үчүн сотко кайрылууга аргасыз болдум. Уулум апасы менен өзүнчө турат. Мен жалгыз жашайм. Кымбат баадагы дарыларга айына 14 миң сомдой керек. Бирок менде азыр кышкысын үйдөгү жылуулук жана күнүмдүк тамак-аш, гигиеналык каражаттарга да акча жок. Ал эми уулума түз кайрылганымда, ал акчадан каралашам деген, бирок убадасын аткарган жок”.

Абраимов жеке менчик юридикалык кеңселерге кайрылганда, сотко арыз берүүчү бланкты толтуруу үчүн эле 1500 сом сураган. Ал акысыз укуктук жардамга муктаж болгондуктан тааныштарынын сунушу менен мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) борборуна кайрылган.

“Утегенов Нурсултан деген адвокат менин соттук ишим боюнча таанышып, баарын өз убагында так аткарып, мени убарага салган жок. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам борборлорунун мындай иштери мени абдан кубантты”деди ал.

Сот Абраимовдун уулунан айына 20 миң сом алимент өндүрүү боюнча арызын толук канааттандырган эмес. Натыйжада айына 4000 сом алимент чегерген. Абраимов жана адвокаты муну адилетсиз чечим деп эсептеп, эми соттун чечимин кайра карап чыгуу үчүн Бишкек шаардык сотуна кайрылууга камынып жатышат.

“Албетте, биз талап кылган 20 миң сом болбосо да, жок дегенде айына 10-14 миң сом чегерет деп күткөнбүз ” дейт адвокаты Утегенов. 

Абраимов сот адилетсиз чечим чыгарганын айтып, бирок МКЮЖнын көмөгү астында адилеттүүлүккө жетерине ишенээрин айтты: “Менин уулум Федёров Вилен өзү да адвокат. Мен уулумду кичинекейинен эч нерседен кем кылбай чоңойттум. ЖОЖдо билим алды. Анын окуу акысына кеткен акчаны эсептегенде эле, азыр мен талап кылып жаткан алименттин суммасынан бир канча эсе ашып кетет. Мен эми шаардык сот адилет чечим чыгарат деп үмүт кылам”.

***

Эгерде сиз акысыз юридикалык жардамга муктаж болуп атсаңыз, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунa кайрылсаңыз болот. Сизге акысыз юридикалык кеңеш алуу, мамлекеттин эсебинен адвокат жалдоо боюнча толук маалымат берилет. Даректери бул шилтемеде: http://ukuk-jardam.gov.kg/ky/p/legal-aid/where-to-get

Ошондой эле Кыргызстан боюнча Акысыз 31 юридикалык жардам борбору иштейт. Алардын даректерин, байланыш номерлерин http://ukuk-jardam.gov.kg/ky/p/legal-assistance/where-to-get сайтынан тапсаңыздар болот.

Материал БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун колдоосунда даярдалды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты