УТРКнын “Азаттыкка” жообу: бурмаланган фактылар, кастык тили

22-сентябрда “Азаттык” медиасы “Жаңы Ак үй үчүн жер алгандар Туманбаевдин адамдарыбы?” аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда жаңы президенттик кеңсенин курулушуна жооптуу адамдар менен “Иншаат строй билдинг” компаниясынын байланыштары айтылат. Ак үйдү “Иншаат строй билдинг” компаниясы куруп, анын акысына шаардын түштүк тарабынан 25,7 гектар жер алып жатканы кабарланган.

27-сентябрда УТРК “Азаттыкка” жооп катары атайын берүү даярдап, иликтөөдөгү айрым маалыматтарды четке какты.

“ПолитКлиника” медиасы УТРКнын атайын берүүсүндөгү маалыматтарды текшерип көрдү.

“Курулуш компаниянын дареги туура эмес көрсөтүлгөн”

“Азаттык” видеонун аягында иликтөөдө аты аталган “Иншаат Строй Билдинг” ЖЧКсы катталган Арашан 24 дарегине барып, катардагы жер тамга туш болгон. Анын ээлери жогорудагы курулуш компания жөнүндө буга чейин укпаганын, ал тургай 30 жылдан бери жашап келген үйүнө компаниянын кантип катталып калганын билбей турганын айтышкан.

УТРКнын журналисти “Азаттыктын” иликтөөсүндөгү бул фактыны “катачылык” деп атаган. Анда “Иншаат Строй Билдинг” катталды делген үйдүн ээси да сүйлөгөн. Эшбол Садиев аттуу жаран Арашан 26 дарегиндеги үйдү 2022-жылы сатып алып жаткан учурда ага “Иншаат” компаниясынын аталган дарек боюнча катталганын билдиришкенин айтат. Ал “Азаттыктын” эмнеге башка дарек боюнча барып алганын түшүнбөй жатканын да белгилеген.

УТРК төгүндөп жаткан курулуш компаниянын дареги мамлекеттик расмий органдын базасынан алынган. Юстиция министрлигинин базасында көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, “Иншаат Строй Билдинг” компаниясы “Азаттыктын” иликтөөсүндө айтылган Арашан 24 дареги боюнча катталган.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай, атайын берүүдө “Азаттыктын” маалыматы бир гана жарандын сөзү менен төгүндөлгөн. Компаниянын чын эле УТРК айтып жаткан дарекке катталганын тастыктачу эч кандай документ көрсөтүлгөн эмес.

Демек, бул жерде Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланган расмий документ факты катары туура болуп эсептелет.

“Жаңы Ак үйдүн курулушунун жарымын мамлекет каржылайт”

УТРКнын видеосунда “Имаратка кеткен чыгымдын жарымын мамлекет, калганын куруп жаткан “Иншаат” курулуш компаниясы каржылайт”, — деп айтылат.

Бирок, 2022-жылдын 16-апрелинде президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы жеке баракчасы аркылуу “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна салынып жаткан Ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кетпегенин билдирген. Төмөндө Жапаровдун билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз.

“Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсың.

Ошол үчүн мурдакылар эч нерсе жасабай эле жыргап олтура берейинчи деп тажаган сыяктуу? “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна салынып жаткан Ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок. Болгону Президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берди. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап-тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колдорго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик. Эч кам санабаӊыздар. Ар бир жасаган ишибиз, кабыл алган чечимдерибиз жалпы элдин, мамлекеттин гана пайдасына болот”, — деп жазган Жапаров. 

Президенттин айтуусу боюнча, жаңы Ак үйдүн курулушун толугу менен курулуш компания каржылашы керек. Компанияга бартердик негизде Президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жер берилмек. Ал эми УТРКнын журналисти имаратты куруудагы чыгымдардын жарымы мамлекеттик бюджеттен каржыланары тууралуу маалыматты эмнеге таянып айтканы белгисиз.

Шаардын түштүгүнөн компанияга берилген жерлер

Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы  № 380 токтомуна ылайык, “Иншаат Строй Билдинг” курулуш компаниясынын менчигине берилген шаардын түштүк бөлүгүндөгү жерлер төмөнкү даректер боюнча жайгашкан:

— Апсамат Масалиев көчөсү, 22, жалпы аянты — 18,1853 га 

— Алиаскар Токтоналиев көчөсү, 165, жалпы аянты- 4,8899 га 

— Аалы Токомбаев көчөсү, 1/9, жалпы аянты- 2,713 га 

Аталган жерлердин жалпы аянты — 25,7 га. 

УТРКнын журналисти аталган жерлер коррупциялык жолдор менен жеке колдорго өтүп кеткенин, аны мамлекет кайра кайтарып алганын айткан.

Биз аталган даректерди Кадастрдын базасынан текшерип көрдүк. Анда жерлер 2022-2023- жылдары мамлекеттин карамагына өтүп, кайра 2023-жылдын 11-сентябрында мамлекетке караштуу болбой калганы жазылган. Бирок бул убакытка чейинки ээлерин жана “Иншаат Строй Билдинг” компаниясына өткөндүгү тууралуу расмий маалыматтарды таба алган жокпуз. 

Непотизмди актоо

УТРК “Азаттыктын” иликтөөсүндө аты аталган Баатырбек Жантаев менен Каныбек Туманбаевдин туугандык байланышы бар экендигин жана жакын адамы экендигин тастыктады. Видеодо журналист “Ооба, Баатыр Жантаев Туманбаевдин жакын адамы. Туугандык байланышы да бар. Ал эч бир мамлекеттик кызматта иштебейт. Бирок курулуштарга кол кабыш кылып, күнү-түнү жардам берип жүрөт. Андан кандай жамандык тапса болот?”, — деп айткан. 

Бийлик башында турган адамдын кызматтык абалынан пайдаланып, туугандык байланыштардын негизинде үй-бүлө мүчөлөрүн жана досторун кесиптик сапаттарына карабастан кызматка дайындоосу же артыкчылык берүүсү илимий тилде “непотизм” деп аталат.

Туманбаевге туугандык байланышы бар Жантаев эч кандай мамлекеттик жумушта иштебейт. Бирок “Азаттыктын” иликтөөсүндө айтылгандай, ал ири мамлекеттик курулуштар жүрүп жаткан жерлерде бир эмес, бир нече жолу байкалган жана катардагы жумушчу эмес, курулуштардын жүрүшүн текшерүүчү катары жүргөнүн “Азаттык” жарыялаган сүрөт, видеолордон көрүүгө болот. 

Берүүдө кастык тили колдонулган

Видеонун 2-мүнөтүнүн 25-секундасында УТРКнын журналисти “Мындай жумуштар аткарылышы керекпи же “Азаттык” деген бузуку сайт жазып жиберет деп эч нерсе кылбай тиктеп отура бериш керекпи?” деп көрөрманга суроо салат.

Бул жердеги “бузуку” сөзү терс баа берүүчү кастык тили болуп эсептелет.

Кастык тили бул эмоционалдуу боёкко боёлгон түшүнүк болуп саналат. Жөнөкөй сын-пикирден айырмаланып, терс баа берүүчү, улутуна, гендерине, диний ишенимдерине, жаш өзгөчөлүктөрүнө же дагы башка өзгөчөлүктөрүнө жараша кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ.

Жыйынтык: УТРК “Азаттык” медиасынын иликтөөсүнө жооп катары жасаган материалында кастык тилин колдонуп, айрым фактыларды бурмалаган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты