УТРК кызматкерлеринен кезектеги манипуляция: “Борбор Азия — Кытай” саммитинин жыйынтыгын бурмалашкан

22-майда УТРКнын кээ бир кызматкерлери Фейсбукта “Борбор Азия — Кытай” саммитинин жыйынтыгында коңшу өлкөлөр Казакстан 22 млрд доллар, Өзбекстан 25 млрд доллар Кытайдан карыз, Кыргызстан 42 млн доллар кайтарымсыз грант алганы тууралуу жапырт билдирүү таратышты.

УТРК кызматкерлеринен кезектеги манипуляция: “Борбор Азия - Кытай” саммитинин жыйынтыгын бурмалашкан

УТРКнын кызматкери Усубалы Каганат самиттин жыйынтыгы тууралуу төмөндөгүлөрдү жазган:

Борбор Азия — Кытай” саммитинде Кыргызстан бардык сүйлөшүүлөрдө уттурган жок. Кыргызстан коңшуларга окшоп млрд доллар кредит да алган жок. 1000 автобусту Кыргызстан өз каражатына сатып алды. 42 миллион доллар грант алынды. Коңшу өлкөлөр менен маанилүү долбоорлор талкууланды”.

Фейсбукта тараган бул маалыматты “ПолитКлиника” медиасы текшерип көрдү.

“Борбор Азия — Кытай” саммити

19-майда Кытайдын Сиань шаарында “Борбор Азия — Кытай” саммити өттү. Аталган иш-чарага Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын лидерлери катышып, Борбор Азиянын жалпы коопсуздугу, чек аралык сооданы кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. 

Анын алдында ар бир өлкөнүн башчылары Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугуп, бир катар документтерге кол коюшкан.

Кыргызстан

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен 17-майда барган.  Ал 18-майда  Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугуп, эки тараптуу бир катар документтерге кол коюшкан

Андан соң президент Жапаров Кытай Эл Республикасынын бизнес-коомчулугу менен жолугуп, аларды Кыргызстанда приоритеттүү долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырганы маалымдалган.

Мамлекеттик сапардын кийинки күнү, 19-майда, Садыр Жапаров » Борбор Азия — Кытай» саммитине катышкан. Анын жыйынтыгында Сиань декларациясы жана бир катар көп тараптуу документтер кабыл алынганы кабарланган.

Мамлекеттик сапардын акыркы күнүндө Жапаров Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында “Zhongtong Bus Holding Co., Ltd” автобус заводунун иши менен таанышкан. Аталган компаниядан Кыргызстан мамлекеттик бюджеттин эсебинен газ менен жүрүүчү 1000 автобус сатып алары айтылган.

Садыр Жапаров Кытайдагы мамлекеттик сапарынан 20-майдын кечинде кайтып келген. Президенттин басма сөз кызматы бул сапардын жыйынтыгында 1 миллиард доллардан ашык суммадагы келишимдерге кол коюлганын кабарлаган.

Андагы маалыматтарга ылайык, 800 млн еврого “China Power International Development Limited” компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 1000 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга, Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Хэбэй Бай Доу Цзя ЖЧКсынын ортосундагы 260 млн долларга жер семирткич чыгаруучу завод куруу тууралуу инвестициялык макулдашууга кол коюлган.

Тактап айтканда, 1 млрд доллардан ашуун каражат каралган инвестициялык макулдашуулар түзүлгөн.

Ошондой эле, Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен “Universal Energy Co. Ltd” компаниясынын ортосунда 100 млн долларлык өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Мындан тышкары, кинематография тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө жалпы баасы 63 млн долларлык эки макулдашууга кол коюлган.

Президенттин басма сөз кызматы Жапаровдун Кытайга болгон сапарынын алкагында жогоруда айтылгандардан башка дагы төрт келишимге кол коюлганын, аларга сарпталчу каражат такталып жатканын билдирген. 

Жыйынтык: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 17-20-майдагы Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 1 млрд доллардан ашык суммадагы макулдашууларга кол коюлган. 

Казакстан

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайга мамлекеттик сапар менен 17-майда барган. Ошол эле күнү кытай лидери Си Цзиньпин менен жолугуп, бир катар документтерге кол коюшкан.

Токаев 18-майда Сиань шаарында өткөн казак-кытай инвестициялык форумуна катышып, анын жыйынтыгында жалпы суммасы 22 млрд долларлык 47 документке кол коюлганын казак президентинин басма сөз кызматы кабарлаган. 

Бирок Акордо бул келишимдер тууралуу кеңири маалымат берген эмес. Сианда жетишилген макулдашуулар тууралуу айрым маалыматтарды башка мекемелердин баракчаларынан табууга болот. 

Мисалы, “Самрук-Казына” ишканалар тобу 18-майда Телеграм-каналында президент Токаевдин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кытай улуттук мунай корпорациясы (CNPC) менен кызматташууну кеңейтүү тууралуу макулдашууларга кол коюлганын кабарлаган.

Бүгүн кол коюлган макулдашуулар “КазМунайГаз» жана QazaqGaz’дын CNPC менен Казакстандагы мунай менен газды чалгындоо, кайра иштетүү жана ташуу жаатындагы өнөктөштүгүн бекемдейт. Атап айтканда, Кеңкияк-Атырау участогунда Казакстан-Кытай мунай куурун кеңейтүү, Бейнеу-Бозой-Шымкент газ куурунун экинчи линиясын куруу, ошондой эле мунай жана газды биргелешип чалгындоо пландалууда”, — деп жазылат маалыматта.

Ошол эле күнү “Самрук-Казынанын” Телеграм-каналында Казакстанда шамал станцияларынын паркын куруу жана аларды өндүрүү боюнча меморандумга кол коюлганы жөнүндө маалымат жарыяланган. Ага ылайык, меморандум “Самрук-Казына” ишканалар тобу, Казакстандын Энергетика министрлиги, Кытайдын мамлекеттик энергетикалык инвестициялык корпорациясы (CPIH) жана кытайлык «SANY Renewable Energy» компаниясынын ортосунда түзүлгөн.

Мындан тышкары, Казакстандын Айыл чарба министрлиги Сианда жетишилген макулдашуулардын айрым деталдарын ачыктаган. Тактап айтканда, Айыл чарба министрлиги КЭРдин Башкы бажы башкармалыгы менен айыл чарба продукцияларын жеткирүү боюнча үч протоколго кол койгон. Андан тышкары, Кытайдын бир катар менчик ишканалары менен кызматташуу тууралуу макулдашуулар болгону айтылат. 

Жыйынтык: Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин 17-19-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жалпы суммасы 22 млрд долларлык 47 документке кол коюлган. 

Өзбекстан

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кытайга мамлекеттик сапар менен 18-майда барган. Ошол эле күнү Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анын жыйынтыгында 41 документке кол коюлган.

Кытайга болгон иш сапарынын алкагында өзбек президенти “Борбор Азия — Кытай” саммитине катышкандан тышкары, Өзбек-кытай кызматташтыгы көргөзмөсүн зыярат кылганы жана Кытайдын ишкердик чөйрөсүндөгү өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөнү айтылат.

Расмий маалыматка ылайык, бул сапардын алкагында жаңы өндүрүштүк, соода жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жалпы суммасы 25 млрд долларлык келишимдерге кол коюлган. Алар энергетика, химия,  металлургия, геология, машина куруу, электротехника, курулуш жана башка тармактардагы долбоорлор.

Podrobno.uz. басылмасы Сианда жетишилген макулдашуулардын басымдуу бөлүгү альтернативдүү энергетиканы өнүктүрүү боюнча инвестициялык-технологиялык кызматташтыктын толук масштабдуу программасына киргенин жазган. Андагы маалыматка ылайык, аталган программада күн, шамал станцияларын жана ГЭСтерди куруу, фотоэлектрдик панелдерди, электр жабдууларын, трансформаторлорду, аккумуляторлорду өндүрүү, ошондой эле башкарууну санариптештирүү жана адистерди даярдоо каралган. 

Жыйынтык: Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 18-19-майдагы Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жалпы суммасы 25 млрд долларлык макулдашууларга кол коюлган.

Тажикстан

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кытайга мамлекеттик сапар менен 16-майда барган. 17-майда Рахмон Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын президенти Цзинь Лицюнь менен жолуккан. Андан соң тажик президентинин басма сөз кызматы аталган банк Тажикстанга “Рогун” ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн 500 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген каражат бөлөрүн билдиргенин жазган.

Рахмон Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен 18-майда жолугуп, түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча 25 документке кол коюшкан.

Тажикстандын президенти ошол эле күнү Кытайдын 40тан ашык инвестициялык компанияларынын өкүлдөрү менен жолукканы маалымдалган. Бирок кандайдыр бир келишимдер түзүлгөнү тууралуу маалымат жарыяланган эмес.

Андан соң 19-майда Рахмон “Борбор Азия — Кытай” саммитине катышканы айтылат. 

Түркмөнстан

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов мамлекеттик сапар менен Кытайга 18-майда барган.  Сиань шаарына жасаган иш сапарынын алкагында ал Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугуп, басма сөз, бажы жана башка мекемелерге тиешелүү бир катар меморандумдарга жана келишимдерге кол койгонун “Turkmenpotal” басылмасы жазган. 

Бердымухамедов 19-майда “Борбор Азия — Кытай” саммитинде сөз сүйлөп, Кытайга газ экспортун көбөйтүүнү сунуштаганы жана Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайды транспорт өнөктөштүгүнүн потенциалын ишке ашырууга  чакырганы айтылат. 

42 млн доллар гранттын таржымалы

18-майда Кыргызстандын экономика министрлигинин басма сөз кызматы президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон сапарынын жүрүшүндө Министрлер кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосунда кайтарымсыз жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууга кол коюлганын кабарлаган. 

Маалыматка ылайык, макулдашууга Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Цинь Ганг кол койгон.

Макулдашуу боюнча Кытай Кыргызстанга эки өлкөнүн ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташтыктын алкагында артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн грант бөлүп берери айтылган.

Министр Данияр Амангелдиев 24.kg’ге берген маегинде сөз 42,6 млн доллар жөнүндө болуп жатканын, ал эми каражат сарптала турган долбоорлорду өкмөт  аныктай турганын билдирген.

Мамлекеттик карыз, инвестиция жана гранттын айырмасы

Мамлекеттик карыз – мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн башка мамлекеттерден, эл аралык  фонддордон мамлекеттин кайтарымдуу каражат алуусу. 

Инвестиция — экономикалык иш-аракеттерде узак мөөнөттүү киреше жана пайда алып келүүчү капиталды башкаруу. Жаңы өндүрүштөрдү түзүү же эскирген өндүрүштөрдү алмаштырууга багытталган долбоорлорго жумшалган каражат.

Грант — латын тилиндеги “autoricare” сөзүнөн келип чыгып “колдоо көрсөтүү, жардам берүү, бир нерсени ырайым кылуу” деген маанини түшүндүрөт.

Грант- жардам көрсөтүүчүлөр тарабынан каралган белгилүү бир максаттуу шарттарда мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз-алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык эмес уюмдарга, эл аралык, чет өлкөлүк жана ата мекендик уюмдар, ошондой эле жарандарга берилүүчү акысыз жана кайтарымсыз активдер.

Жогоруда көрсөтүлгөндөй эле, Казакстан менен Өзбекстандын президенттеринин Кытайга болгон сапарынын алкагында ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бир канча млрд долларга келишимдер түзүлгөн. Демек, бул УТКР кызматкерлери көрсөткөндөй карыз эмес, инвестиция болуп саналат. 

Ушундай эле багытта Кыргызстан дагы 1 млрд доллардан ашык суммада келишимдерди түзгөн. Бирок УТКРнын кызматкерлери 22-майда жапырт тараткан билдирүүсүндө бул тууралуу айтышкан эмес. Алар грант түрүндө берилчү 42 млн долларды гана көрсөтүшкөн.

Бул манипуляциянын “тандалма чындык” ыкмасы. Мында автор маалыматтын өзүнө пайдалуу гана бөлүгүн берип, калганын жашырып коет.

Мындан сырткары, бул келишимдерге “Борбор Азия — Кытай” саммитинин алкагында эмес, өлкө башчыларынын саммиттен тышкаркы жолугушууларынын негизинде кол коюлган.

Жыйынтык: УТРКнын кызматкерлери Фейсбукта жапырт тараткан билдирүү — манипуляция. Кытайга сапардын жыйынтыгында Казакстан менен Өзбекстан карыз алган эмес, инвестициялык келишимдерди түзүшкөн. Ошондой эле макулдашууларга Кыргызстан дагы кол койгон. 

Белгилей кетсек, “ПолитКлиника” медиасы буга чейин УТРКнын айрым кызматкерлери жасалма маанай жаратууга аракет кылып жаткандыгын аныктаган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты