УТРК директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулу кармалды

  • 1 месяц мурун

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулу кармалды.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-августтагы чечими менен №1 тергөө абагына 4-октябрга чейин камакка алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккандыгы  белгилүү болду.

Адыл Акжол уулу өткөн жылы июль айында УТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалып, бул кызматтан быйыл март айында кеткен.

Адыл Акжол уулу блогер катары таанымал. Анын өзүнүн аты-жөнү менен ачылган Ютуб каналында 800 миӊге жакын катталуучусу бар.

Сүрөттө: Адыл Акжол уулу. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты