Уставдык капиталы 1 млрд сомдук «Туризмди колдоо фонду» түзүлдү

  • 2 года мурун

Кыргызстанда «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коому түзүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайый, фонддун уставдык капиталы 1 млрд. сом деп белгиленди.

Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет.

Мындан тышкары фонд региондордо туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртууга, алыскы аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүүгө, калктын социалдык жактан аялуу катмарын, аялдарды окутуу программаларын, туристтик жайлардын базасында иш менен камсыз кылууга, калктын билим деңгээлин жана туризм тармагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга колдоо көрсөтөт.

Ошондой эле турлардын географиясын кеңейтүү, атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик продукцияны түзүүгө, өлкөгө келген туристтердин санын көбөйтүүгө жана эл аралык аренада өлкөнүн аброюн көтөрүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.

Акылбек Жапаров фонд түзүлөрү тууралуу 15-февралдагы маалымат жыйында билдирген. Анын жетекчилигине Елена Калашникова сунушталып жатканын айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты