Ушул жылы четтен айыл чарба азыктарын мыйзамсыз импорттоонун 82 учуру катталган
- 2 года мурун
Жыл башынан бери айыл чарба продукцияларын импорттоодо 82 мыйзам бузуу фактылары катталган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, акыркы тогуз айда чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пункттарында аталган мыйзам бузуулар катталып, продукциялар кайра артка кайтарылган. Тактап айтканда, Казахстанга – 65, Өзбекстанга – 8, Орусияга – 7, Кытайга – 1 жана Түркияга – 1 артка кайтаруу актысы түзүлгөн.
Тиешелүү документи жок Кыргызстанга киргизүүгө аракет кылынган айыл чарба продукцияларына сүт азыктары (158,5 тонна), эт азыктары (177,9 тонна), балык жана балык азыктары (87,3 тонна), тоют (203,5 тонна), жумуртка ( 1 млн 346 миң 190 даана) жана 173 баш жаныбар кирген.
Сүрөт: интернет булактары
Муну бөлүшүү




