USAID Энергетика министрлигине «Лидар» жабдыгын жана компьютерлерди тапшырды

  • 2 месяца мурун

24-майда АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Энергетика министрлигине шамалдын багытын жана ылдамдыгын аралыктан үзгүлтүксүз (10-300м) аныктоочу «Лидар» жабдыгын тапшырды.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, USAID «Лидар» жабдыгын колдонуу боюнча тийиштүү адистерге атайын тренинг өткөрүп, оперативдүү иштердин жана энергетикалык процесстерди көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында компьютердик техникаларды тапшырды.

Жабдууларды тапшыруу аземине USAID миссиясынын Кыргызстандагы директору Кая Адамс, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана USAID агенттигинин жана КР энергокомпанияларынын өкүлдөрү катышты.

Министр Ибраев өз сөзүндө USAID`дин буга чейин энергетика тармагына көрсөткөн колдоолорун баса белгилеп, бүгүнкү тапшырылган жабдуулардын өтө керектүү экенин билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты