«Урал авиалиниясы» Кыргызстанга «Жүк-200дү» акысыз ташыйт
- 2 года мурун
Орусиялык «Урал авиалиниясы» компаниясы Кыргызстанга «Жүк-200дү» акысыз ташыйт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтен билдиришкендей, Жарандык авиация департаменти менен «Урал авиалиниясы» компаниясы кыргыз авиакомпаниялары каттабаган аймактардан Кыргызстанга “Жүк-200дү” акысыз ташуу тууралуу макулдашышкан.
Расмий маалыматка ылайык, быйыл жыл башынан бери Кыргызстандын чет жакта жашаган 224 жаранынын сөөгү өкмөттүн жардамы менен мекенине жеткирилген.
Ал эми 2021-жылы 540 сөөк мекенге жеткирилип, ага бюджеттен 45 миллион сом сарпталган.
Муну бөлүшүү