Ур-токмокко алынган аялдын кайрылуусу боюнча териштирүү жүрүп жатат

  • 1 год мурун

Зомбулукка кабылып, укугун коргоп берүүнү өтүнгөн аялдын видеосу боюнча экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрүп жатат.

Бул тууралуу “ПолитКлиника” медиасына Бишкектин Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул аял (О.А.,) 2024-жылдын 10-ноябрында жолдошуна (Р.А.,) карата чара көрүүнү өтүнүп, арыз жазган. Арызында балдарын көргөнү келген күйөөсү ур-токмокко алып, башына жаракат келтиргенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесине (Уруп-сабап кыйноо) ылайык, кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө аялдын күйөөсү үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча буга чейин бир нече жолу жоопкерчиликке тартылганы аныкталган.

Иштин материалдары сотко өткөрүлгөн.

Быйыл 24-август күнү ошол эле адам аялын сабаганы тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери жерине барып, жабырлануучуга коргоо ордери берилген.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп, бардык тиешелүү эскпертизалар дайындалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты