“Унутулган айылдагы ак халатчан”. Фельдшер Жамалкан Акматованын бир күндүк жашоосу  (Фоторепортаж)

«Унутулган айылдагы ак халатчан» Фельдшер Жамалкан Акматованын бир күндүк жашоосу (Фоторепортаж)
Фотодобоор: «Эгемендүү кыргызстандыктардын үмүтү жана таарынычы»
Кыргызстан эгемендүүлүк алган 30 жылдан бери 10 миң сомго жетпеген айлыкка иштеп, катаал мезгилде желкесине жүк үйүлгөн ак халатчандар өлкөбүздөгү медицинанын азыркы абалынын күзгүсү сыяктуу. Биз бул жолу «Эгемендүү кыргызстандыктардын үмүтү жана таарынычы» аттуу фотодолбоордо алыскы аймакта 13 жылдан бери медайым болуп иштеген Жамалкан Акматованын бир күндүк жашоосу тууралуу айтып беребиз.


«Чаң уюлгуган 5 чакырым жол»
Кочкор районунда жайгашкан Ак-Учук айылы таңга жуук маараган кой-уйлардын үндөрүнө жана бирин-серин өткөн автоунаалардын зуулдаганына кошулуп жандана баштайт.

Бул убакта фельдшер Жамалкан Акматова үйүнөн чыгып, беш чакырым алыстагы Ак-Чий айылына жумушка жөнөйт.
Жамалкан Акматованын коңшу айылга барып фельдшер болуп иштегенине быйыл 13 жыл болду. Ал, дээрлик чейрек кылымга жакын убактан бери чаң уюлгуган бул жолдордон жөө басып жумушка келет.
«Фельдшердин жумуш күнү»
Ак-Чий айылы кичинекей болгондуктан, жадагалса картадан чыкпайт. Айылдын кире беришинде Ак-Чий деген жазуу да орнотулган эмес. Ошондуктан, жолдон жөн эле өтүп бараткан адам бул айыл бар экенин деле билбей калат.
Ал эми, боз топуракка аралашкан жолдорду баскан Жамалкан Акматова жумушка эртең менен саат 9:00гө жакын келет.
Алыстан кичинекей кутучаны элестеткен сары ФАП Жамалкан Акматованын иш жери. Ал келгиче, ФАПтын санитары Мээрим мешке от жагып, тазалап турат.
ФАПтын ичи жылуу. Киргенде шаардагы ооруканалардагыдай мурун ачыштырган дарынын жыты сезилбейт. Туш тарапка илинген медициналык көрсөтмөлөр жана тыкан тизилген шаймандар бул жердин дайыма тыкыр тазаланып, көзөмөлдөнүп тураарынан кабар берет.
«Үмүттүү фельдшер»
Жамалкан Акматова өтө шайыр адам. Бизге ФАПтын ичин жана жумуш процестерин көрсөтүп жатып, өзү тууралуу жана айылдын турмушу жөнүндө кеңири айтып берди.
«2008-жылдан бери Ак-Чий айылында медайым болуп иштеп келем. Өзүм 52 жаштамын. Үч балам бар. Мектепти бүткөндөн кийин, мугалим болууну каалаган элем. Анткени, ата-энем жана бир туугандарымдын баары мугалим болуп эмгектенишчү. Бирок, маңдайыма фельдшер болуу жазылыптыр. Окуу жайдан медицина тармагында билим алып, Бишкекте көп жылдар бою иштедим. Андан кийин, бул жакка көчүп келгенден бери Ак-Чий айылында иштеп келем.»

Ак-Чий айылында жалпы 46 түтүн үй-бүлө жашайт. Тургундардын саны 400 кишиге жетпегендиктен Жамалкан Акматова жарым ставкада иштейт.

Ошого карабай, ФАПка келген тургундардын аягы үзүлбөйт.
Көпчүлүгү балдарын көрсөтүп, ал эми кош бойлуу аялдар кеңеш алуу үчүн келишет.

Бейтаптар кеткенде Жамалкан айымдын ФАПтагы терезени карап кыялданып калмай жайы бар. Ал, таштуу топурак жана ызгаар шамалга карабай ФАПтын айланасында гүл отургузсам деп ойлонот.

«Бизде оңою менен гүл өспөйт. Таш аралашкан топурак менен токтобогон шамал мүмкүнчүлүк бербейт да. Бирок, буйруса кийинки жазда суукка туруштук бере турган гүл эгели деп жатабыз. Анан, ФАПтын аркасына бак тигип, отургуч орнотуп коюуну да ойлонуп жүрөм.»

Саат 12:30га жакын түшкү тамак башталат. Жамалкан айым, санитар Мээрим айым менен ар түрдүү кептерден сүйлөп шаңдуу отурушат.
«13 жылда 500 сомдон 5000 сомго көтөрүлгөн айлык»
Октябрь айынын ортосу болуп калганына карабай эшик жылуу. Көп учурда Ак-Чийдин шамалы ызгаар болуп, кышы катуу келет. Бул учурда күндүн чайыттай ачыктыгына сүйүнгөн Жамалкан Акматова Мээрим айымды ээрчитип айылды аралап жөнөдү.
Айылдагы үйлөр бири-биринен алыс жайгашкан. Тоо түбүндөгү үйлөргө жетүү да бир топ убакытты алат. Ал эми Жамалкан эжени бул айылдагылардын баары тааныйт. Кичинекей балдарга «Жамалкан укол сайып кетет!» деп коркутушса, чоңдор аны ылдам басканынан эле таанышат.

Жолду аралай баратып, «Күнүнө он чакырымды жөө басып келет экенсиз. Айлыгыңыз жакшы эле болсо керек?» деген сурообузга Жамалкан айым жүзүндөгү жылмаюусун жоготпой «5 000 сом айлыгым бар, стаж жана башкалар кошулуп 10 000 сомду тегерегинде чыгат», —деп жооп берди.

Кызыгы, Жамалкан Акматова 13 жыл мурда 10 күн иштеп биринчи айлыгында 500 сом алган. Чейрек кылымга жакын убакыт ичинде күн сайын коңшу айылга 10 чакырым басып келип, кайра кеткен фельдшердин айлыгы кичине эле көтөрүлгөнү бир чети таң калтырса, экинчи жагынан миң түркүн ойго түртөт.
«Айыл тургундары»

Күн чайыттай ачык. Бирин-серин гана шамал болбосо, калың кийимдер өзгөчө жүк сыяктуу сезилет. Бул убакта фельдшер Жамалкан Акматова тоонун түбүндөгү бир үйгө жакындап келди.

Үй ээси, фельдшер айымды алыстан эле тааныйт. Жамалкан Акматова бул жерге ушул айылдагы эң улуу кемпирлердин бири Күмүшай апанын кан басымын өлчөө үчүн келген.
Бүткүл дүйнөнү каптаган коронавирус илдети, кичинекей Ак-Чий айылын да астын-үстүн кылып кеткен. Дал ушул пандемия убагында Күмүшай апа жолдошун жоготкон.
Сыртынан темирдей бекем көрүнгөн, 80ге чыкканына карабай күүлүү отурган Күмүшай апа жолдошун эстегенде көзүнө жаш алат…

«Өмүр бою ушул айылда жашап келем. Ушул жакта турмушка чыгып, бирок жолдошум мындан үч ай 1 жыл мурун кайтыш болуп калды. Экөөбүз чогуу ооруганбыз… Ажал экен.»

Күмүшай апанын тилегени улуттун амандыгы. Дайыма алакан жайып, жаштарга жана айылдагыларга бата берип келет. Ошондой эле, канча жылдан бери айылда чечилбей келген суу маселеси чечилип калса тургундар үчүн бир топ жеңил болот эле деген оюн айтат.

Анткени, Ак-чий айылында таза суу маселеси абдан курч. Айылдагылар арыктан аккан сууну колдонушат. Жамалкан Акматова, таза суу жоктугунан ар кандай мите оорулары көбөйөөрүнөн кабатырланып келет. Бирок, азыркы убакка чейин бул маселеге бийликтин көңүлү бурулган эмес.

Бул убакта, Күмүшай апанын коңшулары да кан-басымын өлчөтүп алуу үчүн келишкен.
Фельдшер айым кары-жашы дебей баарын көрүп, эгер бир маселе болсо Кочкор шаарындагы ооруканаларга жиберет.

Жамалкан айым бардык бейтаптарды көрүп бүткөн соң, кайра ФАПка жөнөйт.
«Коронавирус убагында биздин медицинанын абалы билинди…»
Жамалкан Акматова Кыргызстан келечекте өнүккөн мамлекеттердин арасына кошулуп, медицина жагынан да алдыга чыгат деген үмүттө. Жалгыз өкүнгөнү, коррупциянын айынан медицинанын алдыга жылбай калганы.

«Коронавирус убагында, баарыбыз эле эмне кылышты билбей отуруп калдык. Мамлекет бардык кырдаалга даяр болуш керек экен да. Былтыры ушул күндөрү жада калса беткап келбей калган учурлар болду. Ошондо айылдагы келиндер да беткап тигип жатышты. Ал эми биз колубуздан келишинче аракет кылып жүрдүк. ФАПтын ичи бейтаптарга толуп, биз температураларын өлчөп колубузда бар нерселер менен дарылаганга аракет кылдык. Бүгүнкү медицинанын ушул абалга келип калганына баарыбыздын эле күнөөбүз бар. Көпчүлүк акчаны ортодон жеп коюшат. Коррупция болбой, кичине шарт түзүлгөндө элге да мынча кыйын болмок эмес…»

«Кара июль» аталган ошол күндөрдү Жамалкан айым ойлуу эскерет. Бир айылдан экинчи айылга кирүү дээрлик мүмкүн болбой калганда да жөө басып келип, бейтаптарды карап кайра үйүнө кеткен күндөрүн, жолдо машиналар ала кетүүнүн ордуна карабай өтүп кеткен учурлар болгон дейт:

«Мурда жолдон машина тоскондо көйгөйү жок эле ала кетишчү. Бирок, пандемия убагында вирус кийимге да жабышат экен дегенде, көбү коркуп жатышты. Айласыз + белгисин коюп алып жол тосуп жүрдүк. Анткени, кээ бир күндөрү үйгө абдан эле кеч кетип жаттык.»

Жамалкан Акматова оорулуу бейтаптар менен байланышта болгондон кийин, илдетти үй-бүлөсүнө жуктуруп алуудан корккон күндөрүн көп эстейт.
«Үйгө жол»
Фельдшер Жамалкан Акматова түшкү саат 14:00гө чейин иштейт. Бирок, көпчүлүк учурда жумушта кармалып калгандыктан санитар Мээрим эже «Ай Жамалкан эже үйүнүз барбы!? Кетиңиз эми жарыкта»,- деп айтып турат.

Түш ооп калганда Жамалкан айым үйүнө жол тартат.
Ошол бүтпөй калган чаң жолдон кайра 5 чакырым алыстагы үйүнө басып кетет.

Жолдо жөө жүргүнчүлөр үчүн атайын жол эмес, асфальт жок болгондуктан уюлгуган чаң бүт денеге жабышып, көздү ачыштырып чыгат.
Ал эми автоунаалар 120 метр ылдамдыкта айдап, тебелеп кетчүдөй өтүшөт. Биринчи жолу, Жамалкан айым баскан жолдордо бараткан адамга автоунаанын дөңгөлөгүнө кирип кетчүдөй сезим болот. Ал эми Жамалкан айым, ар дайымкыдай шайыр мүнөзү менен жолун улай берет.

«Автоунаа алуу үчүн жашым өтүп калды окшойт. Көп жылдардан бери бул жолдордон барып-келип иштеп жүрүп көнүп деле калдым. Жумушка кантип келесиң, эч кимдин деле иши жок. Болгону иштей берсең болду.»

Ар кандай кептерден сөз кылып басып бараткан Жамалкан айым, көпчүлүк учурда иттер талап, ал эми кээ бирлери жаман көрөөрүн да айтат.»

«Айрыкча коронавируска каршы элди вакцинага үндөө да оор болду. Башында кээ бирлер «Бизге уу сайып жатасыңар» деп албай жаман көрүп жүрүштү. Бирок, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин көбүнүн ою өзгөрдү.»

Кээ бир учурда Жамалкан айым үйүнө жөө кетет. Бирок, көбүнчө жолдон өткөн машиналарды тосуп үйүнө жеткирип коюусун суранат.
Жамалкан айым үйүнө келгенде дайыма кичүү уулу тосуп чыгат.
Мындан сырткары, Жамалкан эженин 90 жаштагы кайненеси да келинин келишин чыдамсыздык менен күтөт.
Ишин так аткарууга, ал эми үй-бүлөсүнө камкор эне болууга аракет кылган Жамалкан айым жумуштан кийин үй иштери менен алектенет.
Жамалкан Акматованын кубанычы чарчап чаалыкканына карабай, элге эң керектүү кызматты аркалаганы.

Автор: Гулиза Урустамбек кызы

Долбоор, MediaJasa проектинин алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун жардамы менен ишке ашырылды. Бул материалды ар кандай жана коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүүгө, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA менен «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын чагылдырбайт.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты