Унааны милдеттүү камсыздандыруу боюнча айрым өзгөртүүлөр киргизилди

  • 17 часов мурун

Министрлер кабинетинин токтому менен автотранспорт каражаттарын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилди. 

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, бул токтом транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинде транспорт каражаттарын кайра каттоодо камсыздандыруу полисинин талап кылынышын жоюу максатында кабыл алынды. 

Тагыраак айтканда, сатыкка чыгарылган автотранспорттун камсыздандыруу полисинин мөөнөтү бүтө элек болсо, аны сатып алган автотранспорттун жаңы ээси милдеттүү түрдө камсыздандырбайт. 

Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты