Унаа уурдоо менен алектенгенге шектелген кылмыштуу топ кармалды

  • 1 год мурун

Авто унааларды уурдоо жана андан кийин аларды сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Анда, 2023-жылдын апрель айынын ортосунда белгисиз адамдар, баасы 6 миң долларды түзгөн «Хонда Фит» үлгүсүндөгү авто унаасын мыйзамсыз түрдө ээлик кылып алгандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын (УКККБ) кызматкерлери, авто унаа уурдоо менен алектенген кылмыштуу топтун изине түшүп, кылмышка шектүүлөрдү Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагынан кармоо жүргүзүшкөн. Тактап айтканда, ыкчам кызматкерлер айрым адамдар тарабынан күмөндүү шартта унаа сатуу максатын көздөп жатышкандыгы тууралуу маалымат алышкан. Бул маалыматты текшерүү үчүн, авто унааны сатып алуучу кардар катарында ыкчам кызматкерлери өздөрү барышып, белгисиз адамдар аталган унааны алып келишкенде база аркылуу текшеришип, авто унаа башка аял кишиге таандык экендигин аныкташкан. ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери унаа тууралуу ээсине билдиргенде, ээси «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын көп кабаттуу үйлөрдүн короосуна токтотуп койгонун билдирип, ыкчам кызматкерлердин кабарлоосунан улам унаасы уурдалып кеткенин билген. Автотранспорт каражаттарын уурдоого жана сатууга катыштыгы бар деген шек менен көрүлгөн иш чаранын негизинде бир нече адам кармалган. Кылмышка шектүүлөр борбор калаанын тургундары 1999-жылы туулган Б.уулу К., 2000-жылы туулган Ж. уулу Ж., экендиги тастыкталган. Маалыматтар боюнча, алар авто унааларды ачуу жана аларды сатып алуучу кардарларды табуу менен алектенишкен.

Мындан тышкары, 1999-жылы туулган А.уулу М. жана 1999-жылы туулган Б. У. аттуу жарандар кармалып, алар Бишкек шаарында жашап, ошондой эле сатып- алуу жана сатуучу кызматын кылышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты