Унаа соодасы: Орусия кыргыз транзитин бууду

Кыргызстандан Орусияга ташылган жеңил автоунаанын саны кескин кыскарды. Статистикалык маалыматтар бул жааттагы эсеп былтыркыдан 83% азайып кеткенин көрсөтүүдө. Буга орус бийлигинин автоунаа импортун кескин кымбаттаткан чечими себеп болгон.

Быйылкы жылдын апрель айынын жыйынтыгында Кыргызстандан Орусияга автоунааларды экспорт кылуу дээрлик токтоп калды. Орусиядагы “Автостат” агенттигинин талдоосуна ылайык, 2024-жылдын алгачкы үч айында Орусияга 295,7 миң жеңил автоунаа ташылып келсе, анын 66,4% Жапония, 24,6% Кыргызстандан барган.

Автоунаа соодасынын буулушуна Орусиянын бир катар чечимдери себеп болду.

Орус өкмөтү 1-апрелден тарта импорттук автоунааларды кайра иштетүү жыйымын (утил жыйымды) кымбаттаткан. Утил жыйымга буга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү жеңилдиктерден улам орус бюджетине толук түшпөй келген бажы алымы, кошумча нарк салыгы жана акциз төлөмү бириктирилген.

Кыргызстандын автомобилисттер жана автоимпортерлор ассоциациясынын маалыматында, мындай бурулуштардан улам ички рынокто автоунаа баасы 20% чейин арзандап кетти.

Соода тегирменин айлантуу амалы менен соңку кездери Кыргызстанда жеңил автоунааларды лизинг же бөлүп төлөө жолу менен саткан учурлар көбөйдү.

Кытай менен Түштүк Кореядан автоунаа алып келип саткан ишкер Сүйүнбек Мырзаканов учурда Кыргызстанда автоунаа рыногунун кунары учуп турганын айтууда.

Былтыр рынокко жабыла кирген ишкерлердин көпчүлүгү автоунаа ишкердигин таштап кетүүгө аргасыз болушкан:

“Азыр бизде иштеген кытайлардын көпчүлүгү Орусияга кетип калды. Негизги көлөм Казакстан аркылуу, Хоргос аркылуу жана түз кетип жатат. Ишкерликте мурдатан иштегендер жана жаңы кошулгандар бар. Жаңы кошулгандардын так саны жок. Бирок бир жыл ичинде эле 3-4 миң компания ачылып кетпеди беле. Экономика министрлиги, Статкомдон маалыматтарды алганбыз, ал боюнча 3500 компания ачылган. Азыр ошолордун баарынын эле жумушу токтоду го. Кытайлар кетти, орустар албай калды. Сатуу рыногу бизде жок, автоунаа базарда тургандар айла жок акчасы кетип жатат. Биз деле алып келип алганбыз, эми акырын ошолорду бөлүп төлөөгө берип, сатканга аракет кылуудабыз. Баалар тууралуу айта турган болсок, 10-20% түштү. Азыр пайда жагына эмес, өзүбүздүн капиталды эле чыгарып, бизде дагы иштешкен кичи инвесторлорубуз бар, ошолордун акчасын чыгарып берип жатабыз” дейт Мырзаканов.

2023-жылы Кыргызстандын жеңил унаа импорту 4,5 эсеге өскөн. Бул жалпы сумма 2 млрд 767 млн доллар болгон 185 миңдей жеңил унаа деп эсептелет. Мында Кытайдан келген импорт 45 эсе өсүштү көрсөткөн.

Ал эми расмий экспорт 8,7 миң даана же 70 млн долларга чукул болгон. Анын 72% же 6 миңден ашууну Орусияга кеткен. Ошол эле маалда, импорттолгон автоунаалардын 90% Кыргызстанда унаа катары катталбай, бажы тариздөөсүнөн товар катары эле өтүп кеткендиктен, ишкерлер транзит жолу менен Орусияга өтүп кеткен автоунаанын саны мындан ондогон эсе көп экенин айтышат.

Сүрөт коллажы: Amantal Shakirov

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты