«Унаа» ишканасынын бөлүм башчысы жана адиси кармалды

  • 5 месяцев мурун

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы жана адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, бажы жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качуу максатында «Унаа» мамлекеттик ишканасынын айрым кызматкерлери автотранспорт каражаттарын ташуучу жеке адамдар менен макулдашууга барып, туруктуу коррупциялык схема түзгөндүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын адистери коррупциялык схеманы уюштуруп, анда жеке адамдар кузовдун жана кыймылдаткычтын айрым тетиктери деген шылтоо менен автомашиналарды алып келүү менен алектенишкен, бул аларга импорттук бажы жыйымдарын кыйла азайтууга мүмкүндүк берген. Бирок, ушундай жол менен алынып келинген автоунааларда каттоого туруу үчүн баштапкы документтери болгон эмес. Буга карабастан, «Унаа» мамлекеттик ишканасынын башчысы жана адистери материалдык пайда алуу максатында акыркы бир нече жыл аралыгында Корея Республикасынан автотранспорт каражаттарын ташып келүү менен алектенген жеке адамдар менен тил табышып, баштапкы документтери жок 600дөн ашык автоунаа каражаттарын өлкөнүн аймагына каттоого алышкан. Натыйжада, мамлекеттик бюджетке миллиондогон долларлык зыян келтирилген. Сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында коррупциялык схема түзүүгө тиешеси бар деп, 19-февралында «Унаа» мамлекеттик ишканасынын Кызыл-Кыя бөлүмүнүн башчысы К.А. жана «Унаа» мамлекеттик ишканасынын адиси К.Т. кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген», — деп жазылат маалыматта.

Учурда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бул ишке тиешеси бар башка кызматкерлерин аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты