Умбриэль Темиралиев «Бишкек» эркин экономикалык аймагына директор болду
- 1 год мурун
Темиралиев Умбриэль «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан 8-сентябрда билдиришти.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
“Бишкек” эркин экономикалык аймагын буга чейин Алмамбет Шыкмаматов жетектеп турган. Ал 5-сентябрда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган.
Муну бөлүшүү