Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленүүдө

  • 2 года мурун

Бүгүн, 9-майда Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленүүдө. Өлкөнүн бардык аймактарында бул күнгө карата эскерүү митингдери, майрамдык иш-чаралар өтөт.

Борбор калаа Бишкектеги Жеңиш аянтында бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен митинг-реквием уюштурулат. “Өлбөс полк” жүрүшү “Түштүк дарбазадан” башталып, Жеңиш аянтында жыйынтыкталат. Коронавирус эпидемиясына байланыштуу көп адам катышуучу иш-чараларга тыюу салынгандыктан соңку эки жылдан бери ал онлайн форматта өткөрүлүп келген.

9-май Жеңиш күнүн майрамдоо алдында милиция «Украина менен Орусиянын ортосундагы аскердик жаңжалга байланыштуу сүрөттөрдү, эмблемаларды, символдорду колдонууга жана тагынууга жол бербөө үчүн» профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп жатканын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты