Улуу Үркүн окуясына арналган эскерүү жүрүшү башталды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 5-августта “Эсимде” изилдөө аянтчасы 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшүн баштады. Жүрүш 14-августка чейин уланат.

«Эсимде» изилдөө аянтчасынын сайтындагы маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында жүрүштүн катышуучулары 1916-жылдагы трагедияларга байланышкан эс тутум жайларын зыярат кылышат.

Жүрүш Чүй өрөөнүнөн башталып, Ысык-Көлдүн күңгөй жана тескей тараптарын камтып, Сырт ашууларына чейин уланат.

«Жүрүштүн негизги максаты — колониализмдин курмандыгы болгон ата-бабаларыбызды эскерүү, 1916-жылдагы окуяларга байланышкан эс тутум жайларын коомдук эс тутумда актуалдаштыруу.
Бул трагедияны коомдун аңдап түшүнүүсүнө түрткү берүү жана бул окуяларга байланышкан эс тутум жайларын изилдөө», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. Үркүн окуялары Кыргызстанда 7-8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет.

Сүрөт: «Азаттык» радиосу

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты