«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинги жоюлат

  • 1 год мурун

Министрлер кабинети 10-февралдагы жыйынында «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингин жоюу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда бул компаниянын «мындан аркы ишмердүүлүгү максатка ылайыктуу эмес экени» белгиленген.

«Кабыл алынган чечимдин алкагында Финансы министрлигине улуттук холдингди жоюуга байланыштуу комиссия түзүү тапшырылды. Бул комиссияга эки айлык мөөнөт берилди», — деп жазылат маалыматта.

«Улуу көчмөндөр мурасы» 2022-жылы 23-августта түзүлгөн жана анын жетекчиси болуп ошол маалда «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу болуп турган Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган. Улуттук холдинг кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган.

Тенгиз Бөлтүрүк былтыр сентябрда «Кумтөрдөгү» коррупцияга айыпталып кармалган. Башкы прокуратура жалпысынан үч кылмыш иши козголгонун билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты