Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

  • 1 год мурун

Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам катары 100 миң сомдон берилет. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 3-апрелде кол койгонун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

1941-1945 жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына карата согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 100 миң сомдон берилет:

— Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;

— Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;

— Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундарынына;

— 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде иштеген жана “Ленинградды коргогондугу үчүн” медалы менен сыйлангандарга;

Министрликтин маалыматына ылайык, Жеңиш күнүнө карата Кыргызстанда 68 адам бир жолку материалдык жардам алат. Аны төлөөгө 6 миллион 868 миң сом каралган. Бир жолку материалдык жардам 9-майга чейин банктык эсептерге которулат жана райондук, шаардык почта бөлүмдөрү аркылуу берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты