Улутубуздун көөнөргүс мурасы ак калпак тууралуу кызыктуу фактылар
- 2 weeks мурун
- Баяндар
Бүгүн, 5-мартта Кыргызстанда Ак калпак күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу “ПолитКлиника” медиасы калпак жөнүндө кызыктуу фактыларды топтоду.
Ак калпак төрт талаадан куралат. Бул кыргыздар байыртадан мекендеген Ала-Тоону чагылдырат. Ал эми ак кийиз болсо аруулукту, тазалыкты билдирет.
Калпакты кыргыздар коомдогу ордуна, жашына жараша айры калпак, тилик калпак, сайма калпак, туюк калпак деп бөлүшкөн.
Азыркы учурда формасынын татаалдыгына жана ыңгайлуулугуна жараша жүзгө жакын түрүн кездештирүүгө болот.
– Айры калпак – төрт талаасынын кошулган жерлери жана жээги кыюуланып төрт жеринен кичине тиликтер калтырылат.
– Тилик калпак – төрт талаасы кыюуланбайт да, ак жип аркылуу бириктирилип эки жеринен чоңураак тилик калтырат.
– Туюк калпак – тилиги жок, тегерек формадагы калпак.
– Сайма калпак – башка токтомдуурак. Уяң жүндөн уютулат. Мындай калпактын көркөм көчөттөрү назиктиктелип, аны бир гана уландар эле эмес кыз-келиндер да кийип жүрүүгө ылайыктуу.
Калпакты өңү түсү боюнча ажыратуу
– Кыргыз эли балагатка жете элек балага кыюусу жашыл калпак кийгизен. Бул баланын жетилип келе жаткандыгын белгиси болгон.
– Кыргыз жигиттери бойго жеткенде кыюусу кызыл калпак кийген. Андай калпак жигиттин өмүрлүк жар издеп жүргөнүн белгиси болгон.
– Жигит үй-бүлө куруп, үйлүү-жайлуу болуп калган учурда кыюусу кара калпак кийген. Мындай калпакты кыз тарап, күйөө балага тартуу кылган.
.
– Эгерде эр жигиттин кадыры көтөрүлүп, журт башында турууга күчү жетсе, мындай жигит ак калпак кийген.
– Манаптар, уруу башчылары төбөсү бийик калпак кийишкен. Андай калпактарды эл арасында кийинчерээк «Бакай калпак» деп аталган.
2019-жылы ак калпак Кыргызстандын атынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы катары ЮНЕСКОго катталган. 5-март 2011-жылдан бери Ак калпак күнү катары расмий түрдө белгиленип келет.
Сүрөттөр https://tyup.net/ сайтынан алынды