Улуттук тарых музейинде Болот Мамбетовдун элесине арналган экспозиция ачылды

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 5- декабрда Улуттук тарых музейинде көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмер Болот Мамбетовдун элесине арналган туруктуу экспозиция ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, президенттин администрациясынан Октябрь Капалбаев, бир катар көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлер жана Болот Мамбетовдун жакындары катышты.

Иш-чарада сөз алып сүйлөгөндөр Болот Мамбетовдун тарыхтагы ордун, эл үчүн кылган эбегейсиз эмгектерин эскеришип, мамлекет үчүн, кийинки муун үчүн маанилүү иштерди жасаганына токтолушту.

Улуттук тарых музейинде Болот Мамбетовдун элесине арналган экспозиция ачылды
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты