Улуттук олимпиаданын биринчи этабы 21-январда башталат

  • 2 года мурун
Улуттук олимпиаданын биринчи этабы 21-январда башталат

Улуттук олимпиаданын биринчи этабы 21-январда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган министрлик математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча Улуттук олимпиаданын I этабы 21-январда баштала тургандыгын маалымдайт.

Улуттук олимпиада 4 этап менен өткөрүлөт:

I этап – январь (онлайн режимде);

II этап – февраль (онлайн режимде);

III этап – март (офлайн режимде);

IV этап – апрель (офлайн режимде).

Билим берүү жана илим министрлиги зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билимдерин өркүндөтүү, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн илимий-изилдөө ишине карата кызыкчылыктарын өнүктүрүү жана математика, физика, химия, биология, информатика предметтери боюнча Эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын командасын түзүү жана даярдоо максатында Улуттук олимпиада өткөрүп келет. Улуттук олимпиадага окуган классына карабастан бардык каалоочулар катыша алат. Ал үчүн окуучулар электрондук каттоодон өтүүгө тийиш. Ошондой эле окуучуларга Улуттук олимпиадага жана республикалык олимпиадага дагы катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты