Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программа бекитилди

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров “2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” жарлыкка кол койду.

Кыргыздар мамлекеттин өнүгүшүнүн негизи болгон улуттук нарк аркылуу кылымдар бою кошуна элдер менен жанаша жашап, тарыхтын тереңинде жок болуп же башка элдерге сиңип кеткен эмес, атын жоготпой, тарыхта өз изин калтырды.

«Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн биз руханий жактан өнүккөн, билим деңгээли жогору, элибиздин тарыхын мыкты билген, башка элдердин наркын, үй-бүлөлүк баалуулуктарын жана ишенимдерин сыйлаган, этностор аралык мамилелерди урматтаган, башка тилдерди билген, тышкы жана ички чакырыктарга туруктуу болгон кыргызстандык жаранды тарбиялашыбыз керек. Түзүлгөн кырдаалды жана коомдун руханий деградация болуусунун көйгөйлөрүн чечүү үчүн түшүндүрүү жана тарбиялоо иштерин системалуу жүргүзүү талап кылынат» деп айтылат жарлыкта.

Аталган программанын толук тексти бул шилтемеде.

Иллюстрациялык сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты