Улуттук госпиталга 35 млн сомдук нейрохирургиялык микроскоп тапшырылды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 23-январда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө оор операцияларга керектелүүчү нейрохирургиялык LEIСA M 530 OHX микроскоп аппараты берилди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аппаратты алууга “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому демөөрчүлүк кылган. Аппараттын баасы 35 млн сом.

Микроскопту тапшыруу аземине “Кумтөр Голд Компанинин” вице президенти Улукмырза Абакиров, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев, профессор, нейрохирург Миталип Мамытов жана нейротравматология бөлүмүнүн дарыгерлери катышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты