Улуттук госпиталдын бөлүм башчысы Долон Сакмаматов кайтыш болду
- 3 недели мурун
25-январда Улуттук госпиталдын хирургиялык гастроэнтерология бөлүмүнүн башчысы Долон Сакмаматов 57 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Долон Сакмаматов өзүнүн эмгек жолунда жогорку квалификациялуу адис, медицина илимдеринин кандидаты жана өз ишинин чыныгы кесипкөйү катары таанылганы, ошондой эле медицина илиминин жана практиканын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп, көптөгөн өмүрлөрдү сактап калганы айтылды.
«Анын эмгеги мамлекеттик сыйлыктар менен белгиленген. Ал Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун отличниги наамына татып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Улуттук госпиталдын ардак грамоталары менен сыйланган»,- деп айтылат маалыматта.
Саламаттык сактоо министрлиги менен Улуттук госпиталдын эмгек жамааты Долон Сакмаматовдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты.