Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү кармалды

  • 1 год мурун

Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, (учурда «Керемет Банк» ААКсы) 8 млрд сомго Улуттук банктын мурдагы жетекчилигинин «Росинбанк» ААКсынын акцияларынын контролдук пакетин негизсиз сатып алуудагы мыйзамсыз иштери тууралуу маалыматтар түшкөн. Ал эми бул банктын иши ачык эле рентабелдүү эмес жана активдери мамлекет үчүн финансылык жактан максатка ылайыктуу болгон эмес.

Бул кылмыш ишинин алкагында, комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, иш боюнча алынган далилдердин негизинде Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басарлары Ж.Н. жана Т.А. ошондой эле башкармалыктын мурдагы мүчөлөрү С.А. жана С.Н. аттуу жарандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоого, ошондой эле бул кылмышты жасоого катышкан адамдардын бардык чөйрөсүн аныктоого багытталган иш-чараларды улантууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты