Улуттук банктын мурдагы төрагасы Бөкөнтаев Орусияга элчи болуп дайындалды

  • 1 месяц мурун

Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана айгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка 5-августта Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы сайтында маалымдады.

26-июнда Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен Кубанычбек Бөкөнтаевдин кызматтан кетишине макулдук берди. Кубанычбек Бөкөнтаев 2021-жылы Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган. 2006-жылдан 2010-жылга чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты