Улуттук банктын карамагында 38 тоннага жакын алтын бар
- 2 года мурун
Учурда Улуттук банкынын карамагында 37,8 тонна алтын бар. Бул тууралуу Улуттук банкынын атайын өкүлү Аида Карабаева 29-ноябрда маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жалпы көлөмдүн 57 млрд сомдук 13 тоннасы банктын алтын-валюта резервинде, ал эми 118,4 млрд сомдук 23,7 тонна алтын уюмдун “алтын” корунда турат.
Муну бөлүшүү