Улуттук банк жарандарды алардын атын колдонгондордон сак болууга чакырды

  • 10 месяцев мурун

Улуттук банк жарандарды алардын атын колдонгондордон сак болууга чакырды.

Улуттук банкы, акыркы учурларда ар кандай интернет-ресурстар, жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле социалдык тармактар, мессенджерлер жана башка коммуникация каражаттары аркылуу жарандарга белгилүү бир активдерди сатып алуу же Улуттук банктын жана башка финансылык уюмдардын атынан финансылык жардам көрсөтүү боюнча түшүнүксүз көп маалыматтар сунушталып жаткандыгын билдирет.

«Мында чындыкка дал келбеген маалымат таркатылып жатат, тактап айтканда, шилтеме аркылуу өтүү менен же ошол инструменттерге акча каражаттарын салып, кыска убакыт ичинде көп киреше алуу жана заматта байып кетүү мүмкүнчүлүгү сунушталууда. Калктын көңүлүн буруу үчүн алдамчылар чындыкка жатпаган маалыматты таратуу, белгилүү бир активдерден жогору киреше алуу жана аларды андан ары төлөм каражаты катары жүгүртүү же аларды товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу жөнүндө материалдарды жайгаштыруу менен жарнама ишин катуу жүргүзүп жатышат. Элди көбүрөөк ишендирүү үчүн алдамчылар Улуттук банктын атрибуттарын жана медиа чөйрөсүндө кеңири таанымал инсандардын сүрөттөрүн пайдаланган учурлар да кездешүүдө. Улуттук банк мындай учурларда өтө этият болууну, алдамчылык белгилерин камтыган шектүү продукттарга жана инструменттерге инвестиция салуудан алыс болууну сунуштайт жана төмөнкү коопсуздук чараларын так сактоого чакырат», — деп жазылат маалыматта.

Зарыл болгон ыкчам маалыматты/консультацияларды алуу үчүн жарандар Улуттук банктын коомдук кабылдамасына 0 312 61 04 86 телефону, Улуттук банктын 0501 89 00 00 whatsapp-каналы, финансы кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча 0312 61 45 78 телефон номери жана 0555 85 57 48, 0770 73 73 49 мобилдик номерлер аркылуу кайрыла алышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты