Улуттук банк виртуалдык активдерге жамынган шылуундар тууралуу эскертти

  • 2 года мурун

Улуттук банк жарандарды виртуалдык активдерге жамынып алып, «коин», “криптовалюта”, “криптомонета”, “криптоактив” сөздөрдү колдонуп, айрым активдерди сатып жаткандардан сак болууга чакырды.

Мекеме анда финансы пирамидасынын белгилери катылган алдамчы схемалар бар экенин, алар ушундай жол менен кишилердин акчасын алып коёрун эскертти.

Улуттук банк алдамчылар Интернетте, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактар менен мессенжерлерде өздөрүн жарнамалап, “адамдарга тез эле көп пайда көрүүгө болот” деген маалыматты берип жатканын билдирди.

Банк мындай жарнама иштерине белгилүү адамдар да тартылып атканын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты