Улуттук банк валюта рыногунда жасалма доллар көбөйгөнүн билдирди

  • 2 года мурун

Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногунда АКШ долларынын жасалма банкноттору көбөйүп жатканына байланыштуу билдирүү таратып, калкты акча алмаштыруу операцияларын жүргүзүүдө этият болууга чакырды.

Башкы каржы мекемеси чет өлкөнүн валютасынын аныктыгын тастыктоо үчүн коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун кызматкерлеринен детектордон текшерүүнү талап кылуу зарыл экенин белгилеген:

«Валюта алмаштыруу жайларына барганда Улуттук банктын лицензиясынын бар экенине көңүл буруу керек. Лицензия жана алмашуу бюросунун каттоодон өткөнү тууралуу катынын түп нускасы көрүнөө жерге илинүүгө тийиш».

Жасалма банкнотторду даярдоо гана эмес, жайылтуу үчүн да Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык иш козголо турганын Улуттук банк эскертет.

Чет өлкө валютасынын шектүү банкнотторуна экспертизаны Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы жүргүзөт.

Чет элкө валютасынын банкнотторунун жасалма экендиги аныкталган учурда Ички иштер органдарына кайрылуу зарыл.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты