Улуттук банк валюта базарына 87,5 млн доллар сатты

  • 2 года мурун

Улуттук банк 20-декабрда валюта рыногуна 87,5 млн АКШ долларын сатты. Бул тууралуу банктын расмий сайтында айтылат.

Өлкөнүн башкы каржы мекемеси жыл башынан бери 15 жолу интервенция жасады. Анын жетисинде банк валюта базарынан жалпы 190 млн 740 миң доллар сатып алган. Доллар сатуу боюнча сегиз жолу интервенция жасалып, жалпы 419 млн 850 миң доллар сатылган.

Белгилей кетсек, күн мурун өлкөдө доллардын баасы өсө баштаган, учурда коммерциялык банктарда доллар 86.73 сомдон болууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты