Улуттук банк криптовалюталарды колдонууда мүмкүн болгон тобокелдиктер тууралуу эскертти

  • 2 года мурун

Улуттук банк кыргызстандыктарга криптовалюталарды колдонууда мүмкүн болгон тобокелдиктер тууралуу эскертти.

Өлкөнүн башкы каржы мекемеси жалпыга маалымдоо каражаттарында криптовалюталар/виртуалдык активдер жана аларды колдонуу аркылуу пайда көрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат кеңири тарагандыгына байланыштуу, төмөндө келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер тууралуу эскертет:

1. Камсыздоонун жоктугу менен байланыштуу тобокелдиктер, анткени материалдык камсыздоонун жоктугунан, адатта, криптовалюта/виртуалдык активдер боюнча эч ким жоопкерчиликти өзүнө албайт.

2. Криптовалюталардын/виртуалдык активдердин реалдуу наркынын жоктугу, алар кандайдыр бир валютага же башка бир активге байланыштырылбайт, бул алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү болушун жана наркын жоготуп коюу тобокелдигинин жогору болушун шарттайт.

3. Криптовалюталар/виртуалдык активдер менен эсептешүүдө алардын өзгөчөлүктөрүнөн келип чыккан тобокелдиктер, анын ичинде аларды контролдоочу борбордун жана контролдоочу органдын жоктугу.

Ушул себептен, Улуттук банк криптовалюталар/виртуалдык активдерге инвестициялоодо жана алар менен операцияларды жүргүзүүдө сак болууну сунуштайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты