Улуттук банк эсептик ченди 9 пайызга чейин төмөндөттү

  • 2 месяца мурун

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 11%дан 9%га чейин төмөндөттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жогорудагы чечим Улуттук банк Башкармасынын 27-майдагы жыйынында кабыл алынган. Чечим бүгүн, 28-майдан тартып күчүнө кирет.

Улуттук банктын адиси Ильичбек Султанкулов Бишкекте өткөн маалымат жыйынында өлкөдө инфляциялык процесстер төмөндөп баратканын, жылдык инфляциянын көрсөткүчү 2024-жылдын май айында 4,4% түзгөнүн билдирди. Соңку чечим мына ушул жана башка жагдайларга байланыштуу кабыл алынган.

Эсептик чен – инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири болуп саналат. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир этет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты