Улуттук банк алтын куймаларын биржага сатыкка чыгарды

  • 1 год мурун

Кыргызстандын Улуттук банкы алтын куймаларын биржада сатууну баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта бул Кыргызстандын ички рыногунда баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү, анын ичинде зергерчилик тармагын чийки зат менен камсыздоо жана баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүнү арттыруу максатында жасалып жатканы айтылат.

Ага ылайык, Улуттук банк «Кыргыз фондулук биржасы» жабык акционердик коому менен биргеликте «Кыргызалтын» даярдаган салмагы 10 900 граммдан 13 400 граммга чейинки аффинаждалган алтын куймаларын сатууну баштады.

Бул алтын куймаларын соода аянтында сатууга катышуу жана сатып алуу шарттары боюнча кеңири маалымат «Кыргыз фондулук биржасынын» интернет-сайтында бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты