Улуттук анимациянын негиздөөчүсү Сагынбек Ишеновдун музейи ачылды

  • 2 года мурун

Кыргыз Эл артисти, сүрөтчү жана кинорежиссер, кыргыз улуттук анимациясынын негиздөөчүсү Сагынбек Ишеновдун тарыхый-этнографиялык көркөм сүрөт музейи ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Музейдин ачылышы кечээ, 3-майда Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылындагы Калча орто мектебинде өттү. Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов баштаган ишмерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Сагынбек Ишенов учурда 88 жашта. Ал 1955-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын, 1961-жылы ВГИКти бүтүргөн.

Ал сүрөтчү жана режиссер катары «Космонавттар көчөсү», «Эң тил алчаак», «Сандардын чатагы», «Меке чал менен Кара дөө» өңдүү көптөгөн тасмаларды элге тартуулаган. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты